Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Жогорку Кеңеш коомчулук менен журналисттердин сынына кабылган чуулгандуу интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа, мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Академик Мамбет Мамакеевдин мыкты дарыгерлигинен кем калбаган керт башынан өткөндөрүн кызыктуу баяндап берчү өнөрү бар эле. Анын "Эсимде Батый энекем" эскерүү аңгемесинде жетишпеген оор турмуш, кыйын заманга туш келген бүтүндөй бир муундун өмүр-жолу баяндалган.
Жолдордогу тыгын менен транспорттук коллапс Бишкектин жана Казакстандын ири шаары Алматынын тургундарына, экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Эки шаар тең СССР убагында курулуп, автоунаанын мынчалык көптүгүнө ылайыкташкан эмес.
Бүтүндөй чөлкөмдү чыңалтып келген кыргыз-тажик чек арасы боюнча мунаса табылганын айрым серепчилер чоң окуя катары сыпатташууда. Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов мунун мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Түштүк Кореяда оппозиция президентке импичмент жарыялоого чакырды. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн. 3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган.
“Манас” эпосунун күнүнө карата тарыхчынын блогу.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктады.
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курама командаларынын башкы машыктыруучулары кызматтан кетип, алардын ордуна жаңылары шайланганын Күрөш федерациясы расмий жарыялады.
Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин зордуктоосуна" кабылганын айтып чыгышты. Кыздардын бири жашы жете элек өспүрүм экени, зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болду. Полиция иш козгоду, бирок шектүүлөр аныктала элек.
Сузакта Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөргөн учур тартылган тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү териштирүү жүргүзө баштады. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Дагы жүктөңүз