Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Казанга урулган сокку, Путиндин жообу


Казанга урулган дрон соккусунан кийин. 21-декабрь, 2024-жыл
Казанга урулган дрон соккусунан кийин. 21-декабрь, 2024-жыл

Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда "Шахед" дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын 23-декабрда маалымдады. Бул кабарды көз карандысыз булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эмес.

21-декабрда Казан шаарына дрон чабуулу коюлганын татар башкалаасынын бийлиги билдирген. Ал эми дүйшөмбүдө Херсон облусунун администрациясы орус армиясынын аткылоосунан үч киши окко учканын Телеграм-каналга жазды.

23-декабрга караган түнү өлкө 72 учкучсуз учак менен бутага алынганын, 47си атып түшүрүлгөнүн, 25и радарлардан көрүнбөй калганын Украинанын куралдуу күчтөрү билдирди.

Муну менен катар украин Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы Татарстандагы "Алабуга" экономикалык аймагында "сырдуу өрттөн" улам поезддер күйүп кеткенин билдирди. Маалыматка караганда, 16 миллион долларга зыян келтирилген.

Башкармалык пилотсуз учактардын фюзеляждары, навигациялык системалар тепловизордук видеокамералар жок болгонун тактай кетти.

Бирок өрттүн датасы жана себеби аталган жок.

Бул тууралуу жазган "Азаттыктын" украин кызматы маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн боло электигин белгиледи.

21-декабрда татар башкалаасынын бийлиги Казанга дрон менен сокку урулганын, бир нече турак жай зыянга учураганын кабарлаган.

Татарстандын жетекчиси Рустам Миннихановдун басма сөз кызматы шаарга сегиз дрон учурулганын маалымдаган. Билдирүүдө алар алты турак үйгө, бирөө өнөр жай ишканасына тийгени, дагы бирөө дарыяга атып түшүрүлгөнү айтылган.

Украина: Татарстанда дрон тетигин ташып бараткан поезддер жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Бийлик жапа чеккендер болбогонун билдирген. Казан аэропортунун иши убактылуу токтоп, дем алыштарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Ошол эле күнү Орусия Украинага жүздөн ашуун сокку урган.

Киев облусунда дүрмөттөр эки көп кабаттуу үйгө тийген, Харьковдун Купянск шаары чабуулга туш болгондо, бир киши катуу жараат алды.

Херсон облусунда, фронтко жакын жердеги Берислав шаарында 30 жаштагы жергиликтүү тургун дрондон жардыргыч зат ыргытылганда каза тапты.

Жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Казанга урулган соккуларды комментарийледи:

"Ким, кандай жол менен болбосун бизди кыйроолорго учуратууга аракеттенсе, андан да ири кыйроолорго туш болот жана биздин өлкөдө жасап жаткан аракеттери үчүн өкүнөт”.

Владимир Путин
Владимир Путин

Казанда орус армиясы үчүн күкүрт чыгарган чоң завод жайгашкан. Украина Татарстандын борборуна учурулган дрондор тууралуу билдирүү жасай элек.

Согуш башталгандан бери Казан беш жолу пилотсуз учактардын соккусуна кабылган. Апрелде Елабуга жана Нижнекамск шаарларындагы ишканалар бутага алынган.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-декабрдагы жыйында өлкө НАТОго мүчө боло алат, бирок Киев бул үчүн өнөктөштөрүн көндүрүүгө тийиш деп билдирди:

“Өнөктөштөр Украинанын НАТОго кошо турган салымын, биздин мүчөлүгүбүз дүйнөдөгү мамилелерди стабилдештирерин билиши керек”.

Киев коопсуздугунун жалгыз кепилдиги жана Орусиянын Украинага мындан аркы агрессиясын алдын алуунун жалгыз фактору - НАТОго мүчө болуу экенин кайталап келатат.

Казан, 21-декабрь, 2024-жыл
Казан, 21-декабрь, 2024-жыл

Альянс Украина качандыр бир кезде мүчө болорун айтып, бирок так мөөнөттү атабай, чакыруу жөнөтүүгө шашылган жок.

Москва коңшу өлкөсүнүн аскердик блокко кошулуусу “кабыл алынгыс” экенин жана Орусияга "чоң коркунуч" жаратарын белгилейт.

Ал арада Орусия Украинага каршы согушка салган түндүк кореялык 1100 аскер каза тапканын "Ренхап" агенттиги Түштүк Кореянын штаб жетекчилеринин биргелешкен комитетине шилтеме жасап жазды. Түштүк кореялык чалгын кызматтын маалыматына караганда, Пхеньян Орусияга дагы кошумча аскер жана техника жөнөтүүгө даярданып жатат.

Түштүк Корея менен АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, Түндүк Корея Орусияга 10 миңден 12 миңге чейин аскер жөнөткөн.

Алардын Курск облусундагы жоготуулары тууралуу өткөн жумада украин бийлиги, андан соң Пентагон да билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG