Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Израил ХАМАСтын лидерин жок кылганын моюнга алды


Исмаил Хания. Архив
Исмаил Хания. Архив

Израил ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө катышы барлыгын моюнуна алды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган радикал уюмдун саясий бюросунун жетекчиси быйыл 31-июлда Тегеранда жок кылынган.

Ал арада Газанын саламаттык сактоо мекемеси тилкеде согуш башталгандан бери каза тапкандардын саны 45 миңден ашканын билдирди. Дүйшөмбүдө Хан-Юнис лагеринде 7 киши набыт болгон.

"Рейтер" агенттиги жазганына караганда, дүйшөмбүдө Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Исмаил Ханияга кол салуунун артында израилдик аскерлер (ЦАХАЛ) турганын айтты. Ал күнкү жыйында министр Иран колдогон хусилерге каршы күрөш тууралуу сөз кылган.

Йемендеги козголоңчулар тобу Израилге ракета жана дрондордон сокку уруп келатат.

19-декабрда ЦАХАЛ Йемендин Ходейда, Салиф портторун, Рас Иса мунай терминалын бутага алып, хусилердин башкалаа Санадагы энергетикалык инфраструктурасын аткылаганы кабарланган.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац

Кац "хусилер менен күрөш уланат, лидерлери жок кылынат" деп ишендирди:

"Биз алардын стратегиялык инфраструктурасына зыян келтиребиз. Тегеранда, Газа тилкесинде жана Ливанда Ханияны, Синварды жана Насралланы жайлагандай, Ходейда жана Санада да ошондой кылабыз".

62 жаштагы Хания быйыл 31-июлда Тегерандагы резиденциясында өлтүрүлгөн. Ал Ирандын башкалаасына Ислам жумуриятынын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына барган. Турак жайга абадан сокку урулганы кабарланган. Иран Израилди айыптаганы менен, Тел-Авив ал маалда жоопкерчиликти өзүнө алган билдирүү жасаган эмес.

ХАМАСтын саясий лидери Иранда жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

7-августта Ханиянын ордуна Израил 7-октябрдагы кол салуулардын уюштуруучусу деп атаган Яхья Синвар дайындалган. Синвар октябрда Газада израилдик аскерлердин колунан каза тапкан.

Ага чейин, 27-сентябрда Израилдин армиясы Бейруттагы “Хезболланын” баш кеңсесине абадан жапырт чабуул койгондо, Хасан Насралла набыт болгон.

Ал Ливандын түштүгүнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон куралдуу согушкерлер тобунун жана саясий партиянын узактан берки лидери болгон.

Израилдин Ханиянын өлүмүнө тиешеси бар экенин билдирүүсү региондогу ансыз да чыңалган абалды курчутушу ыктымал.

Ал эми Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери анклавда 45 миң 317 киши каза тапканын, 107 миңден ашууну жарадар болгонун дүйшөмбү күнү билдирди.

Бейт-Лахия лагери Израилдин соккусунан кийин. Газа. 18-декабрь, 2024-жыл
Бейт-Лахия лагери Израилдин соккусунан кийин. Газа. 18-декабрь, 2024-жыл

Ал күнү Хан-Юнис лагеринде Израилдин соккусунан курман болгон палестиналыктарды жерге беришти. Дарыгерлер 7 киши набыт болгонун маалымдаган. Күбөлөр удаа эки ракета тийгенин айтып беришти. Саад ал-Батран чабуулда эки баласынан айрылды:

"Бул каршылык көргөзгөндөр менен күрөшүп жатам деген Нетаньяхунун кылганы. Шейит кеткендердин бардыгы карапайым кишилер, согушкерлер эмес. Нетаньяху бүгүн өлгөн адамдардын арасынан каршылык кыймылынын бир мүчөсүн таап берсинчи".

Газадагы согуш 2022-жылы 7-октябрда хамасчылардын Израилге кол салуусунан башталган. Алар 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөн ашуунун барымтага алган.

Израил Ханиянын өлүмүнө жоопкерчилик алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

Барымтагылардын жарымынын көбү набыт болду же бошотулду.

Уруш тутангандан бери хусилер Йемендин жээгин бойлой бараткан кемелерди бутага алып келатат.

Хусилер Израилге байланышы бар кемелерди гана аткылап, Газадагы операция үчүн өч алганын айтканы менен, башка кемелер да кол салууга туш болууда.

Быйыл 17-январда Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.

Шерине

XS
SM
MD
LG