Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда улам катаалдашып жаткан миграциялык мыйзамдардан улам ал өлкөдө эмгектенген мигранттарды укуктук статусун аныктап, документтерин тактоого чакырууда. Мигранттарды текшерүү, тиешелүү документи жок же жасалма деп табылгандарын камоо күч алганы кабарланды.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктады.
Соцтармакка пикир жазганы үчүн былтыр үч жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты. Арызда кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну соттон суранган. Бир айдан бери катаал шартта кармалып турган Аранова чечимди адилетсиз деп баалады.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоолор жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындан улам бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар да чочулап, жумушка убактылуу чыкпай койгондор болууда.
Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Калыс Жумадил "Көчөдөгү кагаздар" деген долбоор баштап, социалдык тармактан көптөгөн көрүүчү топтой баштады. Ал ак кагазга эки сап ырларды жазып, аларды шаар көчөлөрүнөн видеого түшүрүп, контент жасайт. Калыс жаштар арасында поэзияны кеңири жайылтуу үчүн ушундай заманбап ыкмалар керек деп эсептейт.
Кинорежиссер Дастан Жапар Рыскелди "Азаттыкка" жеке чыгармачылыгы, учурда элге жаңыдан тартууланып жаткан "Качкын" тасмасы, дегеле бүгүнкү кыргыз киносунун күңгөй-тескейи тууралуу маек курду.
24-январда Социал-демократтар партиясынын ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чараларына катышып жатканда кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Социал-демократтардын мүчөсү Кадырбек Атамбаев энеси Раиса Атамбаева менен сурак берип чыкты.
Коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маселеси боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берди. Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткени былтыр жыл соңунда белгилүү болгон.
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында Эламан Мазырбаев деген жаран өзүнө өрт коюп, ооруканага жаткырылды.
Дагы жүктөңүз