Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Президент укук коргоочу Абдирасулова боюнча үн катты


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маселеси боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берди. Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткени былтыр жыл соңунда белгилүү болгон.

Президенттин пикири

Садыр Жапаров Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу комментарий берип, "жөн гана саясат кылууда" деп белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчысы "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган кезектеги маегинде айтты.

23-январда жарыяланган маегинде Садыр Жапаров укук коргоочуну эч ким аңдыбаганын жана өлкөдө адам укугу сакталарын, бул мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

"Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии, чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе, эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай, жөн эле келе берсин", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы укук коргоочуларды моралдык ченемдерден чыгып кетпөөгө чакырып, өлкөдө демократия, сөз эркиндиги бар экенин кайталады:

"Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым".

Азиза Абирасулова Садыр Жапаровду колдоо митингинде. Архивдик сүрөт.
Азиза Абирасулова Садыр Жапаровду колдоо митингинде. Архивдик сүрөт.

Ошол эле учурда президент мыйзамсыз иш-аракеттер менен мамлекеттик тийиштүү органдар күрөшүп жатканын белгилеп, көз жаздымда калган учурларды далилдер менен айтып, коррупцияга каршы күрөшкө жардам берүүгө журналисттерди, укук коргоочуларды чакырды.

Эл аралык реакция жана коомдогу пикирлер

Абдирасулова өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгондон кийин коомчулукта ар кыл пикир айтылып, эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдиришти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы социалдык тармактарда Абдирасуловага каршы каралоо жүрүп жатканын иликтөөгө чакырган. 14-январда БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Фейсбуктагы баракчасына Азиза Абдирасулованын коопсуздугуна байланыштуу пост жазган:

Мэри Лоулор.
Мэри Лоулор.

“Президенттин декабрь айындагы бейөкмөт уюмдар боюнча билдирүүсүнөн кийин Азиза Абдирасулова коркутууга жана социалдык тармактарда каралоого кабылганынан кабардармын. Өкмөт анын 20 жылдык эмгегин эске алуу менен каралоо кампаниясын токтотуп, коркутууларды иликтөөгө алышы керек”, - деп белгилеген.

Мунун алдында бийликти жактаган “Каганат медиа” каналына “Азиза Абдирасулованын тескей тарабы. Тарых унутулбайт” деген тема менен төрт мүнөттөн ашык видео жарыяланган. Анда убагында Азиза Абдирасулова 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин соттолуп, 2020-жылы 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргогону айтылган.

"Каганат медиа" каналына эркин медианы, пикирин ачык айткан айрым саясатчыларды, активисттерди каралаган материалдар буга чейин да чыгып турган. Бирок бир дагы жолу андай видеонун автору көрсөтүлгөн эмес.

Саясатчы Равшан Жээнбеков укук коргоочунун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады:

"Азиза Абдирасулованын биздин укук коргоо органдарына, саясатчыларга, жарандык коомго, журналисттерге кошкон салымы ат көтөргүс. Опол тоодой. Тилекке каршы, бүгүнкүдөй абал жаралып калды.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бул мамлекетке эч абийир алып келбейт. Терс көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет. Ал эми тышкы саясатты айта турган болсок, коркутуунун, жогорку кызматтагы адамдардын басымынын айынан Абдирасулова сыртка чыгып кетиши мамлекеттин имижине кара тамга болуп басылып калат".

67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.

2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердигин улантып жаткан.

Ал былтыр жыл соңунда Кыргызстандан чыгып кеткен. Укук коргоочу чөнтөк телефонуна чалып, социалдык тармактарда мазактап, коркуткандар пайда болгонун, коопсуздугунан улам ушундай кадамга барганын билдирген.

"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан кийин кетүүгө аргасыз болдум. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алгам, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиага биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, электрондук почталарыбызга чейин текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир", - деген Абдирасулова.

Укук коргоочу кайсы өлкөгө чыгып кеткени, Кыргызстанга качан кайтып келери белгисиз.

Курултайда айтылган сын

2024-жылы 21-декабрдагы Элдик курултайда президент Садыр Жапаров эркин медианы, бейөкмөт уюмдарды сындап, Азиза Абдирасулованын да ысымын атаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 30-декабрда "Азаттыкка" курган маегинде өлкө башчысы укук коргоочуну сыйлай турганын айтып, курултай учурунда президенттин колуна туура эмес маалымат тийгенин белгиледи.

Байсалов Абдирасулованы өлкөгө кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн билдирген:

"Өз учурунда президентибиз Садыр Жапаровго болушкан Азиза Абдирасуловага сын айтылганы туура эмес болуп калды. Мен курултайдан кийин дароо Азиза эжеге чалып: "Туура эмес иш болуп калды, кандай болсо да сиздин дарегиңизге айтылбашы керек эле, таарынбаңыз, терикпеңиз. Кээде мамлекет башчысына маалымат берилип, берилбей калат экен, Садыр Нуркожоевичтин сизге кастык, душмандык сезими жок", - деп айткам. Азыр ага эч кандай коркунуч жок. Биз дагы тийиштүү органдар аркылуу, өзүбүз дагы айттырып, эжени сооротуп... Карыганда башка мамлекеттен башпаанек издетүүгө эч кандай негиз жок".

Азиза Абдирасулова 2012-жылы жана 2017-жылы Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун коомдук коргоочусу болгон. Ошондогу соттун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды жалпыга маалымдоо каражаттарына да кабарлап турган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бийликте турган 2016-жылы Азиза Абдирасулованын дарегине катуу сын айтып, кийин 2019-жылы кечирим сураган эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG