Тышкы саясатты тескеген мекеме кыргызстандык жарандарга Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы талаптарды так аткаруу керектигин эскертти.
"Документиң жасалма экен деп камап коюшту"
28-январда Москва полициясы курулушта иштеп жаткан мигранттарды текшеребиз деген жүйө менен полиция бөлүмүнө алып барган. Алардын айрымдарын "документтери так эмес" деген себеп менен камакка алышкан. Арасында "документи жасалма" деген кыргызстандык жаран да камакка алынганын коё берилген мигрант Азатбек (аты өзгөртүлдү) "Азаттыкка" айтып берди.
"Күндөгүдөй эле иштеп жатканбыз. Полиция келип, баарыбызды участокко алып барды. Ошол жактан документтерибизди базадан текшеришти. Тажик балдар бар эле, "патентинин мөөнөтү өтүп кетиптир" деп эки-үчөөнү алып калды. Кыргыздардыкы жакшы эле экен, бирок каттоого турганы тууралуу документин "базадан чыккан жок, жасалма" деп, бир баланы дагы алып калышты. Кечээ участокко (полиция бөлүмүнө - ред.) барып, тамак киргизип келдик. Эми аны Сахарового айдап, андан ары депортация кылат дешти", - деди Азатбек.
Жаңы жылдан тартып мигранттардын документтерин текшерүү, алар жашаган, иштеген жерлерге полициянын рейди күч алганы тууралуу көп айтылууда.
Бир нече күн мурун Орусиянын Ички иштер министрлиги Санкт-Петербург шаарында мигранттардын мыйзамсыз жашап-иштешине көмөктөшкөн бир нече топ кармалганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, полиция бул ишканаларга тийиштүү үйлөрдү жана кеңселерди тинтүүгө алып, Орусиянын ондогон мамлекеттик кызматтарына тиешелүү мөөрлөрдүн, жүздөгөн кагаздардын жасалма үлгүлөрүн тапкан. Бул фирмалар аркылуу 900дөн ашуун мигрантка каттоого туруу жана жумуш иштөөгө уруксат кагаздары жасалма берилген. Бул үчүн ар бир мигранттан 35-40 миң рублден алып турушкан.
Маектешибиз Азатбектин айтуусунда, кыргызстандык мигранттардын арасында да үчүнчү бир шылуундарга алданып, оңой эмес акчага жасалма документ алып, бирок аны өздөрү да билбегендер четтен кездешет. Каттоого турган жери менен жашаган жери дал келбей калганы үчүн да "тобокел тизмесине" кирип калган кыргызстандыктар көп.
Азатбек полиция акыркы убактарда өзгөчө каттоодо турган жерине анын жашаган жери шайкеш келерин аябай текшерүүгө алганын белгиледи.
Быйыл 1-январдан тартып Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер кирди. Ага ылайык, тийиштүү уруксат документи жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албайт. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн мурдагыдай өлкөдөн чыгып-кирүү практикасы да эми жараксыз. Мыйзам бузган мигранттарды сот чечимин күтпөй туруп депортациялоо укугу полиция кызматкерлерине берилди.
"Документтерин тактоого 30-апрелге чейин мүмкүнчүлүк бар"
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) миграция мыйзамдары улам катаалдашып жатканына байланыштуу ал жактагы мекендештерди документтерин тууралоого чакырууда.
Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 29-январдагы маалымат жыйында билдиргендей, Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары 30-апрелге чейин укуктук статусун аныктап, документтерин тактоого тийиш. Ошондой эле "тобокел тобундагы" 71 949 жаран да бул аралыкта өзүн мыйзамдаштырууга жетишсе болот деди ал:
"2025-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелге чейин Орусияда жүргөн мигранттарга өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуусуна мүмкүнчүлүк жана убакыт берилди. Бул аралыкта Орусияда мыйзамсыз жүргөнүн билген эмгек мигранттары ал жактан чыгып кетиши керек. Же бул аралыкта өзүнүн укуктук макамын аныктап, документтерин тууралашы зарыл. Алар Орусиядан чыкпай туруп, Ички иштер министрлигинин аймактагы бөлүмүнө же Сахароводогу көп функционалдуу миграция борборуна кайрылып, документтерин туураласа болот. Алар Орусияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартууга арыз жана иш берүүчү күбөлөндүргөн эмгектик же жарандык укуктук келишиминин көчүрмөсүн бериши керек".
Мигранттардын укуктук макамын тескөөсүнө шарт түзүү тууралуу жарлык 2024-жылы 30-декабрда кабыл алынган.
Бакыт Кадыров бул өлкөдө иштеп жаткан жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, эмгек келишими, медициналык кароодон өтүү жана каттоого туруу сыяктуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарышы зарылдыгын да кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, укуктук макамын тескөө боюнча компетенттүү органдарга кайрылбаган чет өлкөлүк жарандарга Орусиядан чыккандан кийин кайра кирүүгө тыюу салуу чарасы колдонулууда. Алар автоматтык түрдө "кара тизмеге" киргизилет да, укуктук макамын тескөө мүмкүнчүлүгүн колдоно алышпайт.
ТИМдин маалыматына караганда, 2024-жылдын 15-июлуна карата 76 974 кыргызстандык жаран Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын “кара тизмесинде” турган.
Биометрикалык маалымат, кыска мөөнөттүк виза
5-февралдан тартып Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген дагы бир мыйзам иштей баштайт. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Орусиянын ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн депортациялоого укуктуу болот.
Муну белгилеген Бакыт Кадыров Орусияда жүргөн жана барууну көздөп жаткан кыргызстандыктарды төмөнкү талаптарды аткарууга чакырды:
- аты-жөнүн "кара тизмеден" жана "тобокел тобунан" карап, аныктоо;
- иштеп, жашай турган жерин аныктап, эмгек келишимдери берилерин тастыктоо;
- документтерин тууралоодо "көмөктөшүүнү" сунуштаган үчүнчү тараптарга эмес, компетенттүү органдарга гана кайрылып, документтерин берүү;
- миграциялык тартипти сактап, каттоого турган жеринде жашоого, ижарага турган батир ээси менен келишим түзүү;
- Орусияда жүрүү мөөнөтүн узартуу чараларын көрүү, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, "жашыл карта" алуу;
- Орусияга киргенден кийинки 30 күн аралыгында миграциялык каттоого туруу;
- паспортунун мөөнөтүн учурунда узартуу зарыл, себеби миграциялык каттоо паспорт мөөнөтүнүн аягына чейин гана түзүлөт.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, чет өлкөлүк жарандардын Орусияга кирүүсүн жана бул өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу максатында 2024-жылы ноябрь айында орус бийлиги эки баскычтуу эксперимент жүргүзүү тууралуу токтом кабыл алган.
Анын биринчи баскычында - 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын 30-июнуна чейин чек арада Орусияга кирип жаткан чет өлкөлүктөрдүн биометрикалык маалыматтары алынат.
Экинчи баскыч быйылкы 30-июндан 2026-жылдын 30-июнуна чейин жүрөт. Анда Орусияга барууну каалаган чет өлкөлүк жарандар ал жакка кирүүдөн 72 саат мурун атайын сайт аркылуу катталып, баруу максатын, кайсы шаарына барарын жана башка маалыматтарды калтырууга тийиш.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эксперименттин бул баскычы боюнча ЕАЭБдин мүчөсү катары Орусия менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирүүдө.
ТИМдин маалыматына караганда, 2025-жылдын январына карата 608 088 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 907 жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган. Ошол эле учурда 2024-жылы Орусияга 656 304 кыргызстандык кирсе, 685 228 жаран чыкканын Орусиянын ИИМи билдирген.
Шерине