24-январда Социал-демократтар партиясынын былтыр ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында эс-учун жоготуп жыгылды. Маалыматты анын адвокаты Аскат Алымкулов "Азаттыкка" ырастады. Адвокат Султанбеков тергөө иш-чараларына катышып жатканын айтты.
"Cултанбеков 72 күндөн бери ачкачылык кармап жатканына байланыштуу абалы начарлап кеткендиктен кыска мөөнөткө эс-учун жоготуп жыгылды. Өзүнө келгенде медициналык жардамдан баш тартып "үйүмө кетким келет, мени убактылуу тергөө жайына жеткиргиле" деп суранды", - деди адвокаты.
Алымкулов кошумчалагандай, Султанбековдун ата-энеси жана жакындары саясатчынын эркине каршы ачкачылыктан чыгаруу чечимин кабыл алышты. Медиктер ага тамчылатма дары куюшту.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.
Темирлан Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда “добуш сатып алуу” беренесине шек саналып камалган. Ал кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап, андай чечимин “мыйзамсыз иштерге” протест деп түшүндүргөн.
Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдиришкен. Султанбеков абактан бир нече жолу бийлик жетекчилерине кайрылып, ага коюлган айыптарды четке кагып, “саясий куугунтук” деп баалаган.
Социал-демократтар: Атамбаевдер сурак берди, Эрмек Эрматов кармалды
“Социал-демократтардын” төрага орун басары Кадырбек Атамбаев менен энеси Раиса Атамбаева экинчи жолу сурак берип чыкты. Алар 22-январда дагы милицияга суракка чакырылган.
Жума күнү Атамбаев иште күбө катары өтүп жатканын айтып, энеси экөөнүн суракка алынып жатканын “саясий басым” деп баалады.
Милиция Атамбаевдердин суракка тартылып жаткан чоо-жайы тууралуу маалымат тарата элек.
23-январда Бишкек шаардык милициясы социал-демократтардын мүчөсү Эрмек Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин "мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени жана тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн" кармалганын маалымдаган.
“Бишкек шаардык кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда Социал-демократтар саясий партиясы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө 2025-жылы 22-январда аталган партиянын депутаттыгына талапкер Эрмек Эрматов саясий партиянын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык иликтенип жаткан кылмыш иши үчүн мааниси бар далилдерди жашырууга аракет кылгандыгы аныкталды”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Милиция Эрмек Эрматовдун автоунаасын тинтүү учурунда жазык ишине тиешеси бар маанилүү документтер табылганын кабарлоодо.
Социал-демократтарга "саясий басымбы"?
Кадырбек Атамбаев кылмыш иши негизсиз козголгонун, милиция айтып жаткан каражаттын баары күч кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетин жаздырып, тартып, далил катары көрсөтүш үчүн колдонулуп жүргөнүн, эми анын айрымдары жок болгонун билдирди. Атамбаев Эрматовго басым жасалып жатканын белгиледи.
“Социал-демократтардын” лидери Темирлан Султанбеков баш болгон партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда “добуш сатып алуу” беренесине шек саналып камалышкан. Султанбеков кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап, муну “мыйзамсыз иштерге” протест экенин түшүндүргөн. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдиришкен. Султанбеков абактан бир нече жолу бийлик жетекчилерине кайрылып, коюлган айыптарды четке кагып, муну “саясий куугунтук” деп баалап келет.
Саясий талдоочу Адил Турдукулов бийлик оппозициялык партияларга "кысым көрсөтүүдө" деп санайт:
“Кыргызстанда оппозициялык көз караштагы эки партия бар: “Бүтүн Кыргызстан” жана "Социал-демократтар" партиялары. Акыркы жагдайларды саясий тазалоонун уландысы десек болот. Тандалма саясий куугунтук болуп жатат. Бул жерде саясий негиз бар деп так айтсак болот. Бирок бизде, тажрыйба көрсөткөндөй, куугунтукталган саясий партиянын салмагы жогорулайт”.
Партиянын үч мүчөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. Өлкө жетекчилери Социал-демократтар партиясынын айланасындагы жагдай менен Султанбековдун кармалышы мыйзам чегинде экенин айтышкан.
Жарандык активист Мукай Керимбаев өлкөдө саясий куугунтук болуп жатат деген пикирге кошулбайт.
“Алмазбек Атамбаевдин учурунда мындан дагы катуу куугунтук болгон. Бул жерде добуш сатып алуу боюнча видеолор чыгып, далилденип жатпайбы. Суракка чакырылса барып, сурак берсин. Мурункудай ур-токмокко алып, куугунтуктаган жок. Добуш сатып алуу боюнча далилденип келе жатат”, - деди ал.
Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары, 31 жаштагы Кадырбек Атамбаев – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баласы. Ал Бишкек шаардык кеңешинин мурунку чакырылыштагы депутаты болгон. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаевге ал кызматтан кеткенден кийин бир нече иш козголгон. 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр абактан бошотулуп, 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.
Шерине