Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

Bloomberg: АКШ кайрадан "Чоң жетинин" Орусияга карата колдонулчу сөздөрүн жумшартууну каалайт


Bloomberg агенттиги булактарына таянып жазгандай, Кошмо Штаттар Орусияга мунайга коюлган баа чегин кыйгап өтүүгө жардам берген көмүскө флотту иликтөө үчүн атайын топ түзүү тууралуу Канаданын сунушун четке какты. Бул тууралуу басылмага шилтеме берип, Би-Би-Си жазып чыкты.

Быйыл “Чоң жетиге” төрагалык кылган Канада келерки жумада Квебекте тышкы иштер министрлеринин саммитин өткөрөт. Агенттиктин маалыматына караганда, биргелешкен декларацияны даярдоодо АКШ Кытай боюнча "күчөтүлгөн сөз айкаштарын колдонуп", Орусияга карата жумшартууну талап кылууда.

Ошондой эле Вашингтон "санкциялар" деген жана "Орусиянын Украинада согуш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү" тууралуу сөздөрдү алып салууну сунуштады.

Февралда Financial Times басылмасы АКШ Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата “Чоң жети” менен биргелешкен кайрылууда Орусияны агрессор деп атоого каршы экенин жазган.

“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG