Кинорежиссер Дастан Жапар Рыскелди "Азаттыкка" жеке чыгармачылыгы, учурда элге жаңыдан тартууланып жаткан "Качкын" тасмасы, дегеле бүгүнкү кыргыз киносунун күңгөй-тескейи тууралуу маек курду.
24-январда Социал-демократтар партиясынын ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чараларына катышып жатканда кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Социал-демократтардын мүчөсү Кадырбек Атамбаев энеси Раиса Атамбаева менен сурак берип чыкты.
Коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маселеси боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берди. Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткени былтыр жыл соңунда белгилүү болгон.
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
Бишкектеги Башкы прокуратуранын алдында Эламан Мазырбаев деген жаран өзүнө өрт коюп, ооруканага жаткырылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы социалдык тармактарда кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каршы каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова жеке коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктады.
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев былтыр декабрда шайлоолордогу гендердик квотаны кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Гендердик квотасыз Кыргызстанда айымдардын жергиликтүү кеңештерге, парламентке келиши дээрлик мүмкүн эмес. Төраганын аялдарга карата айткан билдирүүсү сынга кабылды.
2024-жыл Кыргызстанда саясат кызыган жылдардын бири болду. Жыл ичиндеги саясий окуяларды анализдеп, оппозиция, камоолор, саясий жүрүштөргө көз чаптыралы.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
“Женго” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады.
Дагы жүктөңүз