Ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаров "уюшкан кылмыштуу топту каржылаган" деген шек менен кармалды. Орусиянын бийлиги Украина менен чектеш аймактардан элди эвакуациялоону тапшырды. Блогер Адыл Акжол уулу эки айга камалды. Парижде 33-жайкы Олимпиада аяктады.
Расмий Москва 12-августта Украина менен чектеш аймактардан тургундарды эвакуациялоого көрсөтмө берди. Ушул тапта Курск облусунун Беловск районунда кырдаал курчуп турат. 6-августтан бери украин күчтөрү Орусиянын аймагына 30 чакырымдай кирип барды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Киевдин карапайым тургундары жашаган райондоруна сокку урганын айыптап, Батыштагы өнөктөштөрүнөн берилген курал-жаракка коюлган чектөөнү алып салууну суранды.
Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязды “Азаттык” кепке тартты.
8-августта YouTube видеохостинги жана тиркемеси Орусиянын дээрлик бардык аймагында ачылбай калды.
Испаниянын Олимпиада боюнча футбол курамасы Франция курамасын 5:3 эсебинде жеңип, Олимп оюндарынын чемпиону болду. Париждеги "Парк де Пренс" стадионунда өткөн финалдык беттеште кошумча убакытта гана жеңүүчү аныкталды.
5-11-август ичинде дүйнөлүк басма сөзгө чыккан айрым макалаларга сереп.
4-августта Украина биринчи жолу аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 кыргын салуучу учагын көрсөттү.
Кыргызстандын атынан Париж Олимпиадасына 16 спортчу ат салышууда. Аларга дүйнөнүн төрт бурчунан барган кыргызстандыктар күйөрмандык кылууда. "Азаттык" спортчулардын Париждеги күйөрмандардын айрымдарын кепке тартты.
Дагы жүктөңүз