Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мигранттар Орусияда кыйла жеңилдиктер менен жүргөнүн билдирип, алар мыйзамды бузбаса эле укуктары бузулбайт деп белгиледи. Орусияда миграция мыйзамдары улам катаалдашып, кезектеги мыйзамдар топтому июлдун соңунда кабыл алынды.
Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолор төңкөрүш менен коштолуп, премьер-министр Шейх Хасина өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. 5-августта демонстранттар анын резиденциясына кирип барышты.
Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолордон кийин өкмөт башчы Шейх Хасина кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Жекшембиде өкмөткө каршы митингчилер менен полициянын кагылышканда 90дон ашуун адамдын өмүрү кыйылды. 5-августта демонстранттар өкмөт үйүн басып алды.
Сербиялык теннисчи Новак Жокович өз карьерасында алгач ирет Париж Олимпиадасынын чемпиону болду. Жекшембиде Жокович финалдык беттеште испаниялык Карлос Алькарасты 7:3, 7:2 эсеби менен утуп, Олимпиада оюндарынын алтын медалын утту.
“Хезболла” радикал кыймылы 4-августка караган түнү Израилдин түндүгүндөгү Бейт-Хилель шаарына ракеталык чабуул жасады. Израил маалымат каражаттары жазгандай, ракеталардын баарын “Темир калкан” абадан коргонуучу системасы атып түшүрдү.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу экинчи беттеште жеңип, Олимп оюндарынын жарым финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болду.
Орусия, АКШ жана бир катар өлкөлөр туткундагыларды алмашты. 16 адамдын ичинде "Азаттыктын" журналисти Алсу Курмашева, Wall Street Journal басылмасынын репортеру Эван Гершкович, Мичиган университетинин корпоративдик коопсуздук кызматынын башчысы Пол Уилан бар. Баары коюлган айыпты четке каккан.
"Сахарово" борборунда кармалып чыккан кыргызстандык мигрант Аскар Ускенбаев Орусияда кыргызстандыктар кабылган кыйынчылыктар тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
Америкалык журналисттер Алсу Курмашева, Эван Гершкович жана мурдагы деңиз аскери Пол Уилан Кошмо Штаттарга кайтып барышты. Алар жана дагы 13 киши Москва менен Батыштын кансыз согуштан берки эң ири туткун алмашуу жараянынын алкагында орус жана беларус абактарынан бошотулган болчу.
Орусия менен Батыш камактагы жарандарын айырбаштап бүттү. Орус абактарында отурган оппозициячыл саясатчылар, активисттер жана журналисттер бошотулду. Ал эми Орусия Европада соттолгон агенттерин жана адам өлтүрүүгө айыпталган Вадим Красиковду кайтарып алды.
- Орусия, АКШ жана бир нече өлкө туткундарды алмашты. Бул – кансыз согуштан берки эң ири айырбаштоо болуп калды.
Дагы жүктөңүз