Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

"Кысым токтобосо, жумушчу күч тартыштыгы уланат". Орусия мигранттарды эмнеге чыгарууда?


Москвадагы мигранттарга каршы рейддердин бири. Архив
Москвадагы мигранттарга каршы рейддердин бири. Архив

5-11-август ичинде дүйнөлүк басма сөзгө чыккан айрым макалаларга сереп.

Жумушчулар тартыш Орусия мигранттарды эмне үчүн кармап калбайт?

bne IntelliNews кабар агенттиги 4-августтагы макаласында Орусиядагы мигранттар темасына кайрылды. Макала автору кызыктуу жагдайды талдаган: Орусия жумушчу күчкө муктаж болгону менен эмне себептен баалуу адам ресурсуна айланган борбор азиялык келгиндерди кубалап жатат?

Автор мартта Москвадагы “Крокус Сити” концерт залындагы кол салуу бурулуш учур болуп калганын, ксенофобиянын толкунун жаратканын жазат. 145 кишинин өмүрүн кыйган ал терактка айыпталгандардын көбү тажик жарандары болчу.

Ал окуяга чейин эле, февралда талдоочу Брюс Паньер өзбекстандык эмгек мигранттары Орусиядан башка багыттарды таап жатышканын жазган. Аймактан келген миллиондогон киши орус экономикасы үчүн чоң роль ойнойт.

Өзбекстандык журналист жана изилдөөчү Галя Ибрагимова да бир нече жыл мурун эле жүз миңдеген борбор азиялык мигранттын Азияга, он миңдегени Европага иш издеп кеткенин элестетүү мүмкүн эмес болчу деп жазган. Орусиянын мигранттар үчүн барган сайын жагымсыз болуп баратканын ал Украинадагы согуштун дагы бир күтүлбөгөн кесепети деп эсептейт.

Изилдөөчү конкреттүү сандарды келтирет. Апрелден бери Петербургда жумуш издеген тажиктердин саны 60%, өзбектер 40% азайды. Муну менен катар Орусиянын бир катар региондорунда чет өлкөлүктөрдү ишке алуу мыйзамдары катаалдаштырды.

“Натыйжада дан, жүгөрү, күн карама, күрүч өндүрүү жагынан Орусияда биринчи орунда турган Краснодар крайында айыл чарба тармагында жумушчулар тартыш болууда. Уралда ушундай эле жагдай заводдордо, анын ичинде аскерик техниканы чыгаган ишаналарда түзүлдү. Якутияда мигранттарга такси айдоого тыюу салынды. Дагестанда таштандыларды утилизация кылууда жумушчу күч жетпей жатат”, - деп жазат Ибрагимова.

Андан ары автор мындай абалда "эмне үчүн борбор азиялык эмгек мигранттарынын маанилүүлүгүн түшүнүп жаткан Кремль аларды кармап калууга аракеттенбейт?" деген суроого жооп издейт.

Ибрагимованын айтымында, мигранттарга тиешелүү чектөө киргизүү демилгесин регионалдык аткаминерлер көтөрөт.

“Алар мигранттар орус жарандарынан жумуш орундарын тартып алууда, алардын айынан маяналар төмөндөп кетти деп айтышат. Иш жүзүндө бардыгы башкача: экономика жумушчу күчтүн тартыштыгына туш болгондуктан, эмгек акылар тез өсүүдө. Бирок мигранттарга каршы согуш уланууда, себеби бийлик аны патриотизмдин белгиси деп эсептейт”, - деп жазат изилдөөчү.

Анын пикиринде, мындай кысым улана берсе, жумушчу күчтүн таңсыктыгы токтобойт. Орусиянын Экономика институтунун маалыматына ылайык, өлкөдө 4,8 миллион жумушчу жетпейт. Эң көп тартыштык өнөр жай, айыл чарбада, соода, курулуш жана коммуналдык тейлөөдө өзгөчө сезилет. Дал ошол тармактарда негизинен мигранттар эмгектенет.

Макалада Орусия боюнча эксперт Марк Галеоттинин пикирине орун берилген.

“Орусия ушу тапта борбор азиялык жумушчуларды кууп жибере албайт. Алар Орусияга керек. Орустардын колунан келбеген же алар каалабаган жумушту аткаруу үчүн керек”, - деп эсептейт эксперт.

Вагнерчилердин Африкадагы ири жоготуусу

Бир нече күн мурун африкалык эки мамлекет – Мали жана Нигер Украина менен дипломатиялык алакаларын үздү. Le Monde гезити 7-августтагы макаласында ал окуянын чоо-жайын, андай кадамдын себебин баяндаган.

Малиде каза болгон "вагнерчилерди" эскерүү. Москва. 4-август, 2024-жыл
Малиде каза болгон "вагнерчилерди" эскерүү. Москва. 4-август, 2024-жыл

Июлдун этегинде Малинин армиясы жикчилдер жана жихадчылар менен кармашта жоготууларга учурагандан кийин Нигер кошуна өлкөгө тилектешик иретинде Киев менен мамилелерди үзүп, украин өкмөтү “терорчул топторду колдойт” деп айыптады.

Басылма жазганына караганда, жикчилдер Тин Заутин деген жерде орусиялык “Вагнер” тобунун жана Мали армиясынын ондогон аскерин өлтүрүшкөнүн билдирген. Талдоочулар бул "вагнерчилердин" Африкадагы эң оор жеңилиши болгонун айтышат. Украин армиясынын чалгын кызматынын өкүлү Андрей Юсов Киев козголоңчуларды маалымат менен камсыздаганын кыйыткан.

Украинанын Сенегалдагы элчиси Юрий Пивоваров Юсовдун украин телеканалына айткан сөздөрүн Фейсбукка жарыялаган.

Ошондон кийин Мали Украина менен мамилелерди үзгөнүн жарыялаган. Киев дооматтарды четке кагып, андай чечим “шашылыш кабыл алынганына” өкүнөрүн билдирди.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги өлкө “эл аралык укуктун нормаларын карманарын”, “достукка жатпаган аракеттерге дипломатиялык жана саясий жооп кайтарууга укуктуу экенин” белгиледи.

Франциялык медиа маалымдагандай, 25-28-июль күндөрү негизинен мурдагы "вагнерчилерден" куралган “Африка корпусу” Алжир менен чек арага жакын жерде болгон кармашта бир топ согушкерлерин жоготкон.

"Би-Би-Синин" орус кызматы жазгандай, орусиялык жалданма согушкерлер менен малилик аскерлердин кербени чөлдөгү катуу шамал учурунда көз карандысыз Азавад малекетин түзүүнү көздөгөн туарегдердин буктурмасына кабылган. Жоготуулардын саны расмий айтылган жок. Бирок туарег козголоңчулары орусиялык 80 согушкерди жана Малинин 40 чакты аскерин өлтүрүшкөнүн билдиришти.

Борбор Азиядагы уникалдуу көл коркунучта

AFP кабар агенттиги 8-августта климаттагы өзгөрүүлөр “Казакстандын бермети” атыккан Балхаш көлүнө кандай коркунуч жаратып жатканын талдаган.

Адегенде автор Борбор Азиядагы эң чоң көлдүн кооздугун сүрөттөп, уникалдуулугуна токтолот. Балхаштын бир тарабы шор, экинчиси таза суу. Мындай адаттан тыш чөйрөдө балыктын сейрек түрү көп жолукчу. Бирок азыр абал өзгөрүп жаткандай.

Балхаш
Балхаш

Балыкчы Алексей Гребенников агенттиктин кабарчысына айтып бергендей, балык барган сайын азайып, көлдү ылай басып баратат. Мурда туристтерди суу астында балык улоо үчүн алып келип жүрүшкөн жер эми сазга айланды.

Ольга Шарипова көлдөгү өзгөрүүлөрдү изилдеп жүрөт. Анын айтымында, Балхаш өлкөнү балык менен камсыздаган эң ири көл, бирок суу тартылганы, балык азайууда. Себеби алардын көбөйүшү үчүн шарт бузулат.

- Суу кооптуу деген чектен бир метрде турат. Андан ашса, чыныгы экологиялык апаатка алып келиши мүмкүн, - деп эскертишет адистер.

Жазында өлкөнүн аймактарын суу каптаганда, казак бийлиги Балхашка 3,3 миллион куб метр сууну багыттоону чечкени менен, жалпы тенденция өзгөргөн жок. Шарипованын айтымында, кошуна Кытайдагы Иле дарыясында суу азайгандыктан, 2019-жылдан бери Балхаш тартылууда.

Макалада Борбор Азиядагы калган чоң көлдөр да ушундай тагдырга туш болгону белгиленет.

Арал деңизи дээрлик жок болуп кетти, Каспий менен Ысык-Көлдүн абалы да тынчсыздандырат.

Nature илимий журналынын маалыматына ылайык, кургак жерлерде, океандардан обочодо жайгашкандыктан, алар климаттагы өзгөрүүлөргө, адам баласынын чарбалык ишмердигине өзгөчө сезимтал.

Аба ырайынын ысышы бууланууну тездетет, мөңгүлөр эрип, суу азайууда. Анын үстүнө Оксфорд университетинин 2021-жылкы илимий изилдөөсүнө караганда, Кытай Иле дарыясын сугат үчүн ашыкча пайдалангандыктан,Балхаш тартылууда. Эксперттер Кытай айыл чарбасын кеңейтсе, дарыянын гидроклиматтык режими сактала берсе, суу менен камсыз болуу татаалдашарын эскертишет.

"Бээжин Казакстандын негизги экономикалык өнөктөшү, бирок суу маселеси боюнча кызматташууну анча каалабайт", - деп айтылат макалада.

Мындан тышкары көлдүн булгануусу тууралуу да сөз болот. Балхаш шаары Казакстандагы ири жез чыгаруучу «Казахмыс» заводунун айланасында курулган.

Саламаттыкты сактоо мекемелери ал жерде өпкө рагына чалдыккандардын саны региондогу орточо көрсөткүчтөн 10 эсе ашарын жана өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп саналарын белгилешет.

Экологиялык стандарттарды бузуу үчүн айыпка жыгылганы менен, «Казахмыс» Балхашты булгабаганын, жабдууларын жаңыларын айтууда.

"Ал арада ишкана көлдүн жанындагы сууга өнөр жай калдыктарын таштоону улантууда", - деп жыйынтыкталат макала.

XS
SM
MD
LG