Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Бишкек-Ош жолунда жети машинени кар көчкү басып калды, бир киши ооруканага жеткирилди


Ош-Бишкек жолундагы кар көчкүнү тазалоо учуру. ӨКМдин сүрөтү.
Ош-Бишкек жолундагы кар көчкүнү тазалоо учуру. ӨКМдин сүрөтү.

22-январда саат 19:40 чамасында Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, 6 жеңил автоунааны жана 1 «Спринтер» үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машинаны кар көчкү толук басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан 4 жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМ маалымдагандай, коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Арал” жана “Сосновка” постторунда бардык автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Министрлик аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жарандарды алыс жолго чыгууда сак болууга, кар көчкү коркунучу бар аймактарда жүрүүдөн алыс болууга чакырган.

Ош-Бишкек жолунун 127-чакырымында 22-январь күнү, саат 16:20 чамасында да кар көчкү түшүп, жол толук убактылуу жабылган. Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын техникасы жана жумушчулары көчкүнү тазалап, жол жеңил машиналарга гана ачылганы кабарланды.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG