Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобунун позицияларына абадан сокку урду. Аны улай Иран колдогон шийи согушкерлеринен турган бул топ Израилди көздөй жүздөгөн ракеталарды учурду.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун орус телеканалына курган маеги Арменияда жана Казакстанда нааразылык жаратты. Беларустун Еревандагы элчилигинин алдына чыккандар Минск менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышты. Астана Беларустун Казакстандагы элчисин чакыртты.
Владимир Путин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагына басып киришине жооп кайтарары айтылды. Ошол эле учурда адистер орус президенти Курск салгылашуусу үчүн жергиликтүү аткаминерлерди жоопко тартарын сөз кыла башташты. 24-августта Украина Эгемендик майрамын белгилөөдө. Бул күнү Орусия тараптан аскердик соккулар күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар болууда.
Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум 30-августка калды. Камала Харрис демократтардын атынан АКШ президенттигине расмий талапкер болуп көрсөтүлдү. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды.
23-августта Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФСИН) Волгограддын түштүк-батышындагы түрмөдө тополоң чыгып, түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун билдирди. Кызматкерлерди барымтага алгандар борборазиялыктар экени кабарланууда. Тополоң чыгаргандар жок кылынганы маалым болду.
АКШда Демокарттар партиясынын улуттук курултайы жыйынтыкталып, вице-президент Камала Харрис бул партиядан президенттикке талапкерликти расмий түрдө кабыл алды.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун орус мамлекеттик телеканалына курган маеги Арменияда жана Казакстанда нааразылык жаратты. Беларустун Еревандагы элчилигинин алдына чыккандар Минск менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышты. Ал эми расмий Астана Беларустун Казакстандагы элчисин чакыртты.
Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Волгоград облусундагы Мариновка аскердик аэродромуна жана күйүүчү май сакталган кампаларга сокку урулганын бышыктады. Ал арада орус аскерлери Донецк облусундагы Покровск шаарына жакындап, жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.
20-августта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы журналисттер менен чогуу Орусиянын чек ара аймагындагы Суджа шаарынын тургундарын сөзгө тарткан.Украин армиясы чек аранын аркы тарабындагы Курск облусуна 6-августта чабуул коюп кирип барып, аймактын бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган.
Орус парламентине мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. Ага чейин ушундай эле өңүттөгү эки документ кабыл алынган. Соңку учурда Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашып, “Крокус ситидеги” окуядан кийин абал ого бетер курчуганы белгилүү.
Киев Орусиянын Волгоград облусундагы Мариновка аскердик аэродромуна жана күйүүчү май сакталган кампаларга сокку урулганын бышыктады. Тоңдун Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Ишкер Имамидин Ташовдун иши сотко өттү.
Дагы жүктөңүз