Украина юридикалык жактан азыр Орусия убактылуу көзөмөлдөп жаткан өз аймактарынан баш тартпайт. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Давостогу жыйында билдирди. Ал Киев мындай кадамга "дүйнөдөгү баардык союздаштар суранса дагы барбастыгын" ишарат кылды.
"Биз үчүн ар дайым оккупацияланган аймактар болуп кала берет", - деди Зеленский. Кеп аннексияланган Крым жана бир нече облустун айрым бөлүктөрү тууралуу болуп жатат. Жалпысынан орус армиясы учурда Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынын 20% көзөмөлдөйт.
Алдыңкы медиа каражаттарынын редакторлору менен болгон жыйында Зеленский Украина үчүн "согуштун активдүү фазасынын" аякташы маанилүү экенин белгиледи. Ал дагы бир ирет Орусиянын президенти Владимир Путин менен "күч менен гана" сүйлөшсө болорун кайталады. Ошондой эле Зеленский куралдуу жаңжал аяктагандан кийин коопсуздукту камсыздоо үчүн Украинада чет элдик контингенттин жайгаштырылышын жактайт. Анын эсебинде, бул үчүн 200 миңдей аскер киргизилиши зарыл.
Рейтер агенттиги белгилегендей, бул сан болжол менен Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамынын санына барабар. Буга чейин Франция менен Британия Украинада бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу маселесин талкуулаган. Бирок кандайдыр бир конкреттүү пландар айтылган эмес.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 100 күндүн ичинде Украинадагы согушту токтотууга ниеттенүүдө. Бул үчүн ал Орусия менен Украинанын президенттери менен жакын арада сүйлөшөрүн билдирди. Трамп соңку билдирүүсүндө эгерде орус президенти Владимир Путин согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, анын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын айтты.
Шерине