Түркияда "Карталкая" лыжа базасындагы мейманканада тутанган өрттөн каза болгон 45 адамдын сөөгү 22-январда жерге берилди. Арасында балдар дагы көп.
Каза болгондордун айрымдарынын тек-жайы аныктала элек, учурда ДНК-тест алуу иштери жүргүзүлүп жатканын өкмөт өкүлдөрү билдирди.
Болу провинциясында маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дагы катышты.
Окуя 21-январга караган түнү болгон. 237 адам жайгашкан жана жыгачтан курулган 12 кабаттуу мейманкананын ресторанында өрт тутанган. Мейманканадагылардын көбү терезеден секирип, аман калууга аракет кылышкан. Жалпысынан өрт 76 адамдын өмүрүн алды, алардын 20дайы балдар экени кабарланды. Элүүдөй киши жараат алып, ооруканага жеткирилди.
Тилсиз жоо эмнеден улам тутанганы азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын билдирди. 22-январда окуяга байланыштуу тогуз киши кармалганы кабарланды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мейманканадагы адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Түркиянын лидери Эрдоганга көңүл айтты.
"Карталкая" - Түркияда лыжа тепчүлөр эң көп барган жайлардын бири.
Шерине