Бишкекте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Курск аймагында "федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" жарыялады. Парижде эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Парижде Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта бокстон финалга чыкты. Бул Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги. Мунарбекти күйөрмандары кантип колдошту? "Азаттык" Париждеги күйөрмандарды кепке тартты.
Париж Олимпиадасында күрөш боюнча мелдештер уланып жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөт. Эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөштө утулуп калды.
Орусиянын Курск облусунда үч күндөн бери кармаш жүрүүдө. Кремль муну Украинанын "чагымы" деп атоодо, Киев расмий комментарий бере элек.
Жоламан Шаршенбековго күрөштүн сырын үйрөткөн жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов «Азаттыкка» ат жалында маек курду. 86 жаштагы устат өз окуучусунун талбаган эмгеги, ызасы менен ийгилиги тууралуу баяндап, кийинки Олимп оюндарына барууну көздөп турганын айтты.
41 жаштагы кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес грек-рим күрөшүнөн Олимпиада оюндарындагы бешинчи алтын медалын утту.
Париждеги олимпиадада Кыргызстанга биринчи медалды күрөш боюнча балбандар алып берди. Мээрим Жуманазарова күмүш, Жоламан Шаршенбеков коло медал тагынды. Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков коло медал утту.
Кыргызстанда өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды. Израил армиясы менен “Хезболла” радикал уюмунун ортосунда атышуу уланууда. Олимпиада оюндарында балбандар Мээрим Жуманазарова күмүш, Жоламан Шаршенбеков коло медал тагынды.
Иран менен Израилдин ортосунда согуш тутануу ыктымалдуулугу Жакынкы Чыгышты соңку жылдардагы эң ири кризиске кептеди. Буга Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Ханиянын жана ага чейин Бейрутта "Хезболла" террордук тобунун аскердик командачысынын өлтүрүлүшү түрткү болду.
Британияда бир нече күндөн бери тоз-тополоң токтобой келатат. Бир жума мурун Саутпорт шаарындагы бий клубунда үч секелекти өлтүрүп кетишкенден кийин башталган башаламандык өлкөнүн башка жерлерине жайылды.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстанга биринчи медалды күтүлгөндөй эле күрөш боюнча балбандар алып келди.
Дагы жүктөңүз