Иран европалык лидерлердин Израилге сокку уруудан карманууга чакырганын четке какты. Тегеран Газадагы согушту токтотуу сүйлөшүүсү ийгиликтүү аяктаса, өч алуу аракетинен баш тартарын кыйытты. Тынчтык сүйлөшүүлөрү 15-августта жанданат деп күтүлүүдө
Журналист Адыл Акжол уулуна Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жасаган материалына байланыштуу иш козголгону белгилүү болду. Расмий Киев украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна киргенин ырастады. Париж Олимпиадасына катышкан 16 спортчу Бишкекке келди.
Дүйшөмбүдө Хан-Юнис шаарында кеминде 18 киши каза тапканын тилкенин дарыгерлери билдирди. 11-августта Израил газалыктарга шаардын айланасындагы 10 райондон башка жерлерге көчүүгө буйрук берген. Ал арада эки күндөн кийин тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданат деп күтүлүүдө.
ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) радикал уюмунун лидери, Израил бир жыл мурунку кандуу чабуулдун уюштуруучусу деп эсептеген Яхья Синвар жок кылынганын ЦАХАЛ 17-октябрда жарыялады. ХАМАС тобунан азырынча эч кандай маалымат боло элек.
Орусия Украинага басып киргенден бери Сербиянын Кыргызстанга экспорту эселеп көбөйдү. Мындай жыйынтыкка “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун серб редакциясы Белграддагы Статистика институтунун маалыматын анализдеп чыккандан кийин келди.
Ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаров "уюшкан кылмыштуу топту каржылаган" деген шек менен кармалды. Орусиянын бийлиги Украина менен чектеш аймактардан элди эвакуациялоону тапшырды. Блогер Адыл Акжол уулу эки айга камалды. Парижде 33-жайкы Олимпиада аяктады.
Расмий Москва 12-августта Украина менен чектеш аймактардан тургундарды эвакуациялоого көрсөтмө берди. Ушул тапта Курск облусунун Беловск районунда кырдаал курчуп турат. 6-августтан бери украин күчтөрү Орусиянын аймагына 30 чакырымдай кирип барды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Киевдин карапайым тургундары жашаган райондоруна сокку урганын айыптап, Батыштагы өнөктөштөрүнөн берилген курал-жаракка коюлган чектөөнү алып салууну суранды.
Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязды “Азаттык” кепке тартты.
8-августта YouTube видеохостинги жана тиркемеси Орусиянын дээрлик бардык аймагында ачылбай калды.
Дагы жүктөңүз