Европарламент 26-январда Беларуста өтчү президенттик шайлоону “жасалма” деп сындады. Мыйзам чыгаруучулар 22-январда Беларус боюнча резолюцияга добуш беришти. 568 депутат колдогон документте Александр Лукашенко 1994-жылдан бери башкарып келаткан өлкөдөгү саясий кырдаал сүрөттөлгөн.
Резолюцияда “2020-жылы Александр Лукашенконун Беларустун президенттигине шайланышы таанылбайт; Беларустагы азыркы режим мыйзамсыз жана кылмыштуу деп саналат; беларус элинин демократияга, эркиндикке жана адам укуктарына умтулуусу колдоого татыктуу”, - деп жазылган.
Документте ошондой эле Беларуста ушул тапта камакта отурган 1250 саясий туткун бардыгы, алардын көбү кыйноого кабылганы, өмүргө кооптуу шарттарда отурганы жана медициналык жардам албаганы белгиленет.
Мыйзам чыгаруучулар Евробиримдикти, ага мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукту Беларуста өтө турган президенттик шайлоону жана ага чейинки өнөктүктү тааныбоого чакырды.
Өткөн аптада Кошмо Штаттар Беларустагы добуш берүү “репрессивдик кырдаалдан” улам "эркин жана адилеттүү өтүшү мүмкүн эмес" деп билдирген.
Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар.
2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени белгилүү болгон соң түмөндөгөн беларус добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан. Бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар күч менен таркатылып, миңдеген адам камалган. Бир катар оппозициячыл активисттер кармалып, узак мөөнөттөргө кесилди.
Шерине