Оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнө урулган соккудан израилдик 12 бала каза болгондон кийин Жакынкы Чыгышта абал ого бетер курчуду. Израиль ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык Хезболла тобун айыптаса, Иран колдогон согушкерлер ага тиешеси жоктугун айтууда.
Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына байланыштуу сот иши жүрүп жатат. Мая Алиева “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталууда.
Израил оккупациялап алган Маждаль-Шамс шаарына жасалган ишембидеги чабуулда 12 адам мерт болуп, 30дан ашыгы жараат алды. Тель-Авив буга ливандык “Хезболла” радикал тобун күнөөлөп, ага жекшембиде сокку менен жооп кайтарды.
22-28-июлда дүйнөлүк басылмаларда жарыяланган айрым басылмаларга сереп.
Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өттү. Париж бир нече саат бою ачык асман алдындагы театрга айланды.
Украинада Орусиянын соккуларынан дагы бир нече кишинин өмүрү кыйылды. Фронтто орус аскерлери украиндердин курал-жарак камсыздоосу үчүн маанилүү жолду бөгөттөө аракетин уланытп жатышат. Украина маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да көтөрүлдү
Фронтто орус аскерлери украиндердин курал-жарак камсыздоосу үчүн маанилүү жолду бөгөттөө аракетин улантып жатышат.
Бул арада Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинадагы согушка эң биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүүнү дагы бир ирет сунуштады.
Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал тутанды. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанды.
Бангладеште башталган жапырт студенттик нааразылык демонстрациясы өкмөт башчы Шейх Хасинанын 15 жылдык бийлигине каршы улуттук акцияга айланды. Жумуш квоталарына байланыштуу нааразылык билдирип чыккан студенттер менен полициянын кагылышуусунан 200дөй кишинин өмүрү кыйылганы расмий кабарланды.
Дагы жүктөңүз