Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Москва Украинадагы согушту токтотууну макулдашпаса Орусия саткан бардык товарга салыкты көтөрүп, санкция саларын эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.
"Жакынкы аралыкта "макулдашууга" жетпесек, Орусия АКШга жана башка өлкөлөргө саткан товарга салыкты көбөйтүп, санкция салуудан башка аргам жок калат. Мен президент болсом бул согуш башталмак эмес, эми ага чекит коелу. Биз аны жеңил же татаал жол менен ишке ашырсак болот. Жеңил жол ар дайым жакшы. "Макулдашууга жетчү" убакыт келди!" - деп жазды Трамп.
Ошону менен катар Кошмо Штаттардын президенти Орусияга залака тийгизүү ниети жоктугун, Орусиянын президенти Владимир Путин менен ар дайым жакшы алакада болуп келгенин жана орус элин жакшы көрөрүн белгилеп өттү.
Буга чейин Трамп Ак үйдөгү маалымат жыйын маалында Орусияга санкция киргизилиши мүмкүн экенин айткан. Ал жакын арада Путин менен сүйлөшөрүн кошумчалаган.
The Wall Street Journal басылмасынын жазышынча, Трамп Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогго согушту 100 күндө токтотуу тапшырмасын берген.
Шайлоо өнөктүгүндө ал кызматка киришери менен 24 сааттын ичинде Украинадагы согушту токтотууга убада берген. Шайлангандан кийин 100 күндүн ичинде чечүүгө ниеттенип жатканын айткан. АКШнын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, кызматка расмий киришти.
Шерине