Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

22-январь: Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түштү, Зеленский Украина "өз аймактарынан баш тартпайт" деп айтты


 Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү (архивдик сүрөт)
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү (архивдик сүрөт)

22-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкек-Ош жолунда жети машинени кар көчкү басып калды, бир киши ооруканага жеткирилди

22-январда саат 19:40 чамасында Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, 6 жеңил автоунааны жана 1 «Спринтер» үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машинаны кар көчкү толук басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан 4 жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. ӨКМ маалымдагандай, коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Арал” жана “Сосновка” постторунда бардык автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Ош-Бишкек жолунун 127-чакырымында 22-январь күнү, саат 16:20 чамасында да кар көчкү түшүп, жол толук убактылуу жабылган.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын билдирди

Атамбаев Фейсбук баракчасына жазып, милицияга чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады. Анда Атамбаев күбө катары суракка чакырылганы белгиленген. Бишкек милициясынын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди. Азыркы тапта Социал-демократтар партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.

Ыштан улам Бишкек шаарындагы айрым заводдордун иши убактылуу токтотулду

Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдиргендей, Орок жана Жал айылдарында жайгашкан кыш заводдору текшерилип, "Илина Групп", "Байтик курулуш" компанияларында жана Жал кыш заводунда мыйзам бузуу аныкталган. Мындан сырткары жарандардын кайрылуусунан кийин Кант цемент заводу текшерилип, беш от казандын үчөөнүн иши талапка жооп бербегени үчүн токтотулду.
"Аймактык реформага чейин Бишкекте 47 конуш катталса, азыр анын саны 105ке жетти. Үй чарбаларынын саны 135 миңди түзөт. Биз радикалдуу чара көрүп, сапатсыз көмүрдү жагууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн дагы карап чыктык", - деди министр. Машиев ыштан арылуунун негизги жолу катары конуштарды газдаштырууну белгиледи. Учурда 37 миң абонент газга туташты. Мунун эсебинен болжол менен 80 миң тонна аз көмүр жагылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкция киргизүүгө даяр экенин айтты

Трамп эгер орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, анын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын 21-январда айтты. Трамп өзүнүн администрациясы Украинага курал жөнөтүү маселесин караштырып жатканын, Европа Биримдиги Киевге көбүрөөк жардам бериши зарылдыгын белгилеген. "Биз Зеленский [Украинанын президенти] менен сүйлөшүп жатабыз, жакын арада биз президент Путин менен сүйлөшөбүз", - деди ал. Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүүгө аракет кылбай, “Орусияны жок кылып жатканын” билдирген. Ал "Орусия чоң кыйынчылыкка кабылат" деп айткан. АКШнын 47-президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс 20-январда салтанаттуу ант берип, кызматка расмий киришти.

Президент Владимир Зеленский Украина "өз аймактарынан баш тартпай" турганын айтты

Зеленский Давостогу жыйында Киев андай кадамга "дүйнөдөгү баардык союздаштар суранса дагы барбастыгын" ишарат кылды. "Биз үчүн ар дайым оккупацияланган аймактар болуп кала берет", - деди Зеленский. Кеп аннексияланган Крым жана бир нече облустун айрым бөлүктөрү тууралуу болуп жатат. Жалпысынан орус армиясы учурда Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынын 20% көзөмөлдөйт. Рейтер агенттиги белгилегендей, бул сан болжол менен Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамынын санына барабар. Буга чейин Франция менен Британия Украинада бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу маселесин талкуулаган. Бирок кандайдыр бир конкреттүү пландар айтылган эмес.

Татарстанда коргонуу ишканаларына мигранттарды тартуу сунушталды

Республиканын мамлекеттик кеңешинин башчысы Фарид Мухаметшин сөзүнө караганда, Татарстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам, курулуш жана тейлөө кызматтарында иштеген чет элдик жумушчулардын көбүн ири ишканаларга тартуу керек. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Орусиянын президенти Владимир Путин жакында эле калк менен өткөргөн "түз байланыш" маалында өндүрүштө кадрлардын жетишсиздигин мойнуна алып, бул маселени чет элдик күчтү тартуу менен эмес, иш ыргагын күчөтүү менен чечсе болорун айткан. Мигранттардын саны боюнча Татарстан Орусияда Москва, Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынан кийинки эле төртүнчү орунда турат. Алардын көбүн борбор азиялыктар түзөт. Келгиндердин 36% өзбекстандыктар, 20% тажикстандыктар жана сегиз пайызы кыргызстандыктар. Расмий каттоодон 99 миң мигрант өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG