Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Кыргызстандын Олимпиада ийгилиги


Париж Жайкы Олимпиада оюндарынын жабылышы.
Париж Жайкы Олимпиада оюндарынын жабылышы.

Париж ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндары менен коштошту. Оюндардын жабылуу аземи 11-августта кечинде "Станд де Франс" стадионунда өтүп, Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Лос-Анжелеске оюндардын желегин өткөрүп берди.

Оюндардын жабылуу аземи учурунда стадиондо спортчулар менен кошо 70 миңдеш ашык киши болду. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи пандемияга байланыштуу дээрлик бош стадиондо өткөн эле.

Алгач мелдешке катышкан спортчулар параддан өтүштү.

Кыргызстандын желегин жабылуу аземинде кыргыз күрөшүнүн легендасына айланган Айсулуу Тыныбекова менен балбан Жоламан Шаршенбеков көтөрүп чыкты.

Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков оюндардын жабылуу аземинде.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков оюндардын жабылуу аземинде.
Спортчулардын парады.
Спортчулардын парады.

Парижден Лос-Анжелеске

Париждин мэри Анна Идальго Олимпиаданын желегин Томас Бахга, ал аны Лос-Анжелестин мэри Карен Басска өткөрүп берди.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах оюндардын желеги менен.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах оюндардын желеги менен.

Андан соң голливуд жылдызы Том Курз "Станд де Франс" стадионунун үстүнөн түшүп, олимпиаданын желегин стадиондон түз эле Лос-Анжелеске алып кетти.

Актёр Том Круз учурда 62 жашта.
Актёр Том Круз учурда 62 жашта.
Том Круз Олимпиаданын желегин алып кетип жаткан учур.
Том Круз Олимпиаданын желегин алып кетип жаткан учур.

Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах Париж-2024 Олимпиадасын жабык деп жарыялады. Ал 16 күндүк спорттук иш-чара өтө мыкты өткөнүн белгиледи.

"Биз билебиз, Олимпиада оюндары тынчтыкты түзө албайт. Бирок Олимпиада оюндары дүйнөнү шыктандырган тынчтык маданиятын жарата алат. Келгиле, бул тынчтык маданияты менен күн сайын жашайбыз", -деди ал.

Томас Бах Олимпиаданын жылдыздарныа айланган легендарлуу спортчулар менен.
Томас Бах Олимпиаданын жылдыздарныа айланган легендарлуу спортчулар менен.

Оюндардын жабылуу аземи шоу программа, театралдаштырылган оюн-зооктор менен коштолду.

Олимпиаданын отун бул оюндарда жылдызы жаңган, төрт алтын медал уткан француз суучулу Леон Маршан стадионго алып келди.

Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах легендарлуу спортчулар: кубалык балбан Михаин Лопез, франциялык дзюдочу Теди Риннер, кениялык марафончу Элиуд Кипчоге, австралиялык сууда сүзүүчү Эмма Маккеон, кытайлык стол теннисчиси Сун Инша жана качкындар командасынан мушкер Синди Нгамба менен бирге Олимпиаданын отун өчүрүштү.

АКШ курамасы алдыда

Олимпиада оюндары 26-июлда расмий ачылган. 16 күнгө созулган мелдештерде 206 өлкөнүн 10 миңден ашуун спортчусу күч сынашты. Жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.

Кытай жана АКШ спортчулары 40тан алтын медал менен оюндарды жыйынтыктаганы менен күмүш медалдары көп болгону үчүн АКШ мелдеш жадыбалында биринчи орунду ээледи. АКШ курамасы жалпы 126 медал (40 алтын, 44 күмүш, 2 коло медал) утту. Кытай курамасында 91 медал (40 алтын, 27 күмүш, 24 коло). Үчүнчү орунда 20 алтын, 12 күмүш, 13 коло медалы менен Жапония жайгашты.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн өзбек спортчулары 8 алтын, 2 күмүш, 3 коло медалы менен 13-орунда. Казакстан курамасы 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло медалы менен 43-орунга жайгашты.

"Станд де Франс" стадиону.
"Станд де Франс" стадиону.

Кыргыз спортчуларынын ийгилиги

Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан.

Олимпиада оюндарына бул жолу Кыргызстандан 16 спортчу барды. Күмүш медалдарды балбан Мээрим Жуманазарова менен мушкер Мунарбек Сейитбек уулу, коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова утушту.

Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада оюндарын өткөрдү. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон. Кийинки Олимпиада оюндары 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG