Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Футбол: Олимпиада оюндарында Испания чемпион болду


Испаниянын футбол курамасы сыйлоо аземи учурунда.
Испаниянын футбол курамасы сыйлоо аземи учурунда.

Испаниянын Олимпиада боюнча футбол курамасы Франция курамасын 5:3 эсебинде жеңип, Олимп оюндарынын чемпиону болду. Париждеги "Парк де Пренс" стадионунда өткөн финалдык беттеште кошумча убакытта гана жеңүүчү аныкталды.

Оюндун 11-мүнөтүндө Франция курамасынын жарым коргоочусу Энцо Милло эсепти ачты. 18-мүнөттө испаниялык жарым коргоочу Фермин Лопес Мартин биринчи голун киргизсе, 7 мүнөттөн кийин ал дагы бир гол жаратты. 28-мүнөттө Испаниянын жарым коргоочусу Алекс Баэна айып соккусунан дагы бир гол киргизип, 3:1 эсеби менен Испания алдыга чыкты.

Экинчи таймдын 79-мүнөттө Франциянын жарым коргоочусу Магнес Аклиуш гол киргизге, 93-мүнөттө чабуулчусу Жан-Филипп Матета пенальтиден эсепти теңеди – 3:3.

Испаниянын Олимпиада командасына жеңишти чабуулчу Серхио Камелло алып келди. Ал экстра таймдын 100-мүнөтүндө жана 121-мүнөтүндө гол киргизди.

Жарым финалда Испания Мароккону, Франция курамасы Египетти утуп, финалга чыгышкан.
Жарым финалда Испания Мароккону, Франция курамасы Египетти утуп, финалга чыгышкан.

Испаниянын Олимпиада командасынын бул ийгилиги улуттук кураманын Евро чемпионатындагы триумфунан кийинки жыйынтык болду. Олимпиада командасында 23 жашка чейинки оюнчулар ойнойт (Бул курактан жогоркулардан үч гана футболчуну ойнотконго уруксат).

Испандык футболчулар Олимпиада оюндарынын алтын медалын алгач ирет 1992-жылы утушкан.

Андан сырткары Испаниянын 19 жашка чейинки курамасы бир ай мурун Европа чемпиондугун уткан. Ал эми кыз-келиндер курамасы былтыр дүйнө чемпиону болгон.

Испаниялык жарым коргоочу Фермин Лопес Мартин.
Испаниялык жарым коргоочу Фермин Лопес Мартин.

Бул Олимпиада оюндарына Испания, Франция жана Аргентина курамалары фавориттердин катарында келген.

Франция курамасынын чабуулчусу Жан-Филипп Матета пенальтиден гол киргизип эсепти теңеди.
Франция курамасынын чабуулчусу Жан-Филипп Матета пенальтиден гол киргизип эсепти теңеди.

Өткөн Токио Олимпиадасында Испания курамасы финалда Бразилияга жеңилип калган.

Испаниянын жана Франциянын футбол курамалары сыйлоо аземи учурунда.
Испаниянын жана Франциянын футбол курамалары сыйлоо аземи учурунда.

Олимпиаданын коло медалын Египет курамасын 6:0 эсеби менен жеңген Марокко алды.

Франция курамасынын футболчулары сыйлоо аземи учурунда.
Франция курамасынын футболчулары сыйлоо аземи учурунда.

Олимпиада оюндарындагы футболдон мелдештер 24-июлда баштаган. Ага катышкан 16 команданын катарында Украинанын жана Өзбекстандын курамалары да ойноду. Эки команда тең тайпадан чыга алган жок.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG