Украинанын президенти Владимир Зеленский Курскидеги операциянын башкы максаты - өлкөсүн коргоо үчүн Орусиянын аймагында "буфердик зона" түзүү экенин айтты. Украин аскерлери Курск облусуна 6-августта кирип барган.
18-августтун кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Украин армиясы Курск облусундагы Сейм дарыясына салынган үчүнчү көпүрөнү талкалаганын билдирди. Кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоо алдында турганын билдирди.
2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан кийин он миңдеген орусиялык Таиланд королдугуна качкан. Учурда тай жергесинде канча релокант жашап жүргөнү белгисиз, анткени бул өлкөнүн бийлиги расмий маалымат бербейт. Таиландда орус тидүүлөр эң көп байырлаган жер – Пхукет аралы.
Украина Орусиянын чек арадагы ондогон айыл-кыштагын ээлеп турат. Алгачкы күндөрдөгүдөй алдыга жылуу тууралуу маалымат жок. Бирок украин президенти бул операция “пландагандай жүрүп жатканын” айтты жана өнөктөштөрдү алыскы аралыкка атууга уруксат берүүнү суранды.
8-10 август аралыгында Ысык-Көл облусунун Тосор айылынын Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш болуп өттү. Аны “Тосор коому” “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен биргеликте уюштурган.
Украинанын армиясы Орусиянын аймагына кирип барганына 10 күн болду. Германиядагы Маршалл фондунун талдоочусу Якоб Киркегор бул операция согушта “стратегиялык өзгөрүүлөрдү” жасашы мүмкүн деп санайт.
“Бул Олимпиада Борбор Азия өлкөлөрүн болуп көрбөгөндөй бириктирди”, - дал ушундай пикирлерин социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Боордош элдер бири-бирин колдоп жаткан жүздөгөн видео интернетке жарыяланды
Орусиянын Суджа шаарында Украина аскер комендатурасын түзүп жатканы маалым болду. Орусиянын бийлиги чек аралаш аймактарды коргоо максатында Башкы штаб атайын план түзгөнүн билдирди. Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган жана ошондон бери илгерилеп баратканын билдирүүдө.
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир Жогорку сотко апелляциялык арыз берди. Мирланбек Маратбек уулунун үйүнөн алынган материалдар боюнча экспертиза дайындалды. Украин армиясы Орусиянын Курск облусундагы Суджа шаарын толук өз көзөмөлүнө алганын президент Зеленский билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Орусиянын Белгород, Брянск жана Курск облустарына барбай турууга чакырды. Бул аймактарга федералдык жана аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.
Дагы жүктөңүз