4-августта Украина биринчи жолу аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 кыргын салуучу учагын көрсөттү.
Кыргызстандын атынан Париж Олимпиадасына 16 спортчу ат салышууда. Аларга дүйнөнүн төрт бурчунан барган кыргызстандыктар күйөрмандык кылууда. "Азаттык" спортчулардын Париждеги күйөрмандардын айрымдарын кепке тартты.
Британиядагы Падышалык коллеждин илимпоздору аныктагандай, смартфонго көз каранды балдар депрессия, уйкусуздуктан көбүрөөк жабыркап, ою бир жерде болбой, көп санаа тартышат.
Аскерлери, курал-жабдыгы жетишсиз, чарчап-чаалыккан украин аскерлери фронт тилкесинин үч жеринде орус армиясынын чабуулдарына араң туруштук берип жатат. Ошого карабай, эмне себептен азыр, украин күчтөрү Орусиянын аймагына кирип барышты?
Бишкекте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Курск аймагында "федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" жарыялады. Парижде эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Парижде Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакта бокстон финалга чыкты. Бул Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги. Мунарбекти күйөрмандары кантип колдошту? "Азаттык" Париждеги күйөрмандарды кепке тартты.
Париж Олимпиадасында күрөш боюнча мелдештер уланып жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөт. Эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөштө утулуп калды.
Орусиянын Курск облусунда үч күндөн бери кармаш жүрүүдө. Кремль муну Украинанын "чагымы" деп атоодо, Киев расмий комментарий бере элек.
Жоламан Шаршенбековго күрөштүн сырын үйрөткөн жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов «Азаттыкка» ат жалында маек курду. 86 жаштагы устат өз окуучусунун талбаган эмгеги, ызасы менен ийгилиги тууралуу баяндап, кийинки Олимп оюндарына барууну көздөп турганын айтты.
41 жаштагы кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес грек-рим күрөшүнөн Олимпиада оюндарындагы бешинчи алтын медалын утту.
Дагы жүктөңүз