Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев "Азаттыкка" ат жалында маек куруп, Париж олимпиадасындагы балбандардын күрөшү тууралуу айтып берди. Турганбаев дүйнөлүк мелдештер эми кызыганын, кыргыз атлеттери багынтчу ийгиликтер дагы алдыда экенине токтолду.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашева Орусияда түрмөдөн бошотулгандан кийин маек курду. Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны 23-августка жылды. Парижде балбан Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күч сынашса, Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн күрөшөт.
"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти, эки кыздын энеси Алсу Курмашева орус түрмөсүнөн бошотулгандан кийин алгачкы ирет маек берди. Ал Казан шаарында дээрлик бир жылдай тергөө абагында отурган соң өткөн аптада туткун алмашуу боюнча жараяндын алкагында бошотулду.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталды. Алтын үчүн башкы талапкер делген эки кыргыз балбаны финалга өтө алган жок.
5-августта швециялык рекордсмен, 24 жаштагы Арман Дюплантис күтүлгөндөй эле алтын медал жеңди. Шыргый менен бийиктикке секирүүдө анын атаандаштары 6 метрге да жете алган жок.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мигранттар Орусияда кыйла жеңилдиктер менен жүргөнүн билдирип, алар мыйзамды бузбаса эле укуктары бузулбайт деп белгиледи. Орусияда миграция мыйзамдары улам катаалдашып, кезектеги мыйзамдар топтому июлдун соңунда кабыл алынды.
Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолор төңкөрүш менен коштолуп, премьер-министр Шейх Хасина өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. 5-августта демонстранттар анын резиденциясына кирип барышты.
Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолордон кийин өкмөт башчы Шейх Хасина кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Жекшембиде өкмөткө каршы митингчилер менен полициянын кагылышканда 90дон ашуун адамдын өмүрү кыйылды. 5-августта демонстранттар өкмөт үйүн басып алды.
Сербиялык теннисчи Новак Жокович өз карьерасында алгач ирет Париж Олимпиадасынын чемпиону болду. Жекшембиде Жокович финалдык беттеште испаниялык Карлос Алькарасты 7:3, 7:2 эсеби менен утуп, Олимпиада оюндарынын алтын медалын утту.
“Хезболла” радикал кыймылы 4-августка караган түнү Израилдин түндүгүндөгү Бейт-Хилель шаарына ракеталык чабуул жасады. Израил маалымат каражаттары жазгандай, ракеталардын баарын “Темир калкан” абадан коргонуучу системасы атып түшүрдү.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу экинчи беттеште жеңип, Олимп оюндарынын жарым финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болду.
Дагы жүктөңүз