Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн зарыл чечим болгонун" жана "чечимди өзү кабыл алганын" билдирди. Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууну Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет. Прокуратура Аксыда "күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты" деп айтылган аялдын өлүмүнө байланыштуу кызмат адамдарын тартиптик жазага тартууну сунуштады.
Кыргызстан
жума 17 Январь 2025
Жалал-Абаддын Аксы районунда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып күйөөсү камакка алынды. Таяк жеген аял 9-январда Үч-Коргон айылдык ооруканасына “Тез жардам" кызматы менен денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, алган жараатынан улам ошол жерден жан берген. Аял ага чейинда катуу сабалып, ооруканага түшүп, бирок милицияга кабар берилген эмес.