Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев “Азаттыктын” студиясына келип, кыргыз-тажик чек арасы, парламенттин салмагы, талаштуу мыйзам долбоорлору, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеси боюнча суроолорго жооп берди. Эл өкүлү саясий камоолор, сөз эркиндиги боюнча пикирин да айтты.
Кыргызстан
шейшемби 14 Январь 2025
Украиналык дрондор Казан, Саратов жана Энгельс шаарларына чабуул койгонун, өнөр жай ишканаларында өрт тутанганын Орусиянын жергиликтүү бийликтери билдирди. Ал ортодо орус армиясы Украинанын жер-жерлерине сокку урду. Казакстанда жай тургундарды барымтага алган окуя эки кишинин өлүмү менен аяктады. Актөбө шаарында турак жайга кирип, тургундарын барымтага алган жаран кармалып, барымтадагы бир аял аман калды. Аксыда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип кармалды. Аял эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн бойдон өзүнө келе албай көз жумган.