1-апрелге караган түнү Орусиянын Херсонго болгон чабуулунан улам 45 миң адам электр жарыксыз калды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди.
"Бүгүнкү таң Херсондо Орусиянын энергетика тармагына болгон чабуулу менен башталды. Чабуулдун кесепетинен улам адамдар электр жарыгысыз калды", - деп жазды Прокудин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
Анын айтымында, Энергетика министрлигинин кызматкерлери маселени чечүүгө аракет көрүүдө.
Прокудин Орусия шаарга кандай курал менен чабуул жасаганын тактаган жок.
Украинанын Куралдуу күчтөрү шейшембиге караган түнү Орусиянын Х59/69 үлгүсүндөгү канаттуу ракеталары атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Москва чабуулдар боюнча комментарий берген жок.
Ошол эле маалда Орусиянын Коргоо министрлиги 1-апрелде эртең менен Украинаны "орусиялык энергетикалык объектилерге күн сайын бир тараптуу сокку урууну улантып жатат" деп айыптады. Министрлик 31-мартта Украинанын дрондору Орусия оккупациялаган Запорожье облусу жана Белгород облусундагы өндүрүш мекемелерине чабуул жасашканын билдирген.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Ошондон бери эки тарап бири-биринин инфратүзүмдөрүн, эл жашаган аймактарын бутага алып келет. (AiA)
Шерине