Борбор Азияда 2040-жылга чейин айдоо аянты 10,6 млн гектарга кеңейип, ирригациялык жабдыктарга талап өсүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.
Анда чөлкөмдө ирригациялык жаңы технологиялардын учурдагы жылдык рыногу 130-200 млн долларга бара турганын белгиленген. Керектөөнүн 90% импорттун эсебинен жабылат.
Мындан улам аталган банк менен Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО) өз докладында Борбор Азияда ирригациялык жабдыктардын өндүрүшүн жөнгө салууга чакырышты.
"2023-жылы ирригациялык жабдыктарга талап эки эсе өсүшү мүмкүн. Ирригациялык жабдыктарды өздөштүрүү Борбор Азияда өндүрүштү эле эмес себелеп сугарууну, суу ресурстарын санарип башкарууну, инженердик-техникалык лабораторияларды жана суу чарба, ирригация жаатында тажрыйба алмаштыруу борборлорун өнүктүрөт", - деп жазылган маалыматта.
Докладдын авторлору иирригациялык жабдыктарды өзүндө өндүрүү менен Борбор Азия келечектеги суу тартыштыгына туруштук бере алат деп эсептешет.
Кыргызстанда 2025-жылы суу сактагычтарды оңдоо, каналдарды куруу, жаңы сугат системасын орнотуу үчүн 4,8 млрд сом бөлүнгөнү кабарланган. 20 миң гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулган.
2023-жылы суу тартыштыгынан улам 42 миң 567 гектар жер айдалбай калган.
- Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБР) — евразиялык аймакта инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзгөн ар тараптуу өнүктүрүү банкы. 18 жылдан бери мүчө өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын кеңейтүү, бекемдөө жана ар тараптуу өнүктүүгө катышып келет.
- Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО) – жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өнөр жайын өркүндөтүү максатын көздөгөн БУУнун адистештирилген мекемеси. (ST)
Шерине