Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Кыргызстан

Ош: "Сапат" билим берүү мекемесинине чогулган ата-энелер
Ош: "Сапат" билим берүү мекемесинине чогулган ата-энелер

Жекшемби, 19-январда Ошто “Сапат” билим берүү мекемесинин алдына онго чукул ата-эне чогулду. Алар билим берүү жайлары “Маариф” фондуна өткөндөн кийин сабактар үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, жаңы окуу програмасына тынчсыздануусун билдиришти. Чогулгандар балдардын аттестаттарына “Сапаттын” мөөрүн басууну талап кылышты.

Бүгүн Оштогу ата-энелер “Сапат” лицейи “Маариф” фондунун карамагына өткөнүнө тынчысызданып, акция өткөрүштү.

Алар “Маариф” фондунун жетекчилери окуу программасын, келечек пландарын ачык айтпаганына нааразы болушууда.

Баласы ушул мектепте окуган Бүбажар Туташова фонддун өкүлдөрүнө жолугуп чыккан экен.

Бүбажар Туташова
Бүбажар Туташова

“Биз жолукканда “Эмне программа менен келдиңер? Кандай программа менен окутасыздар?” деп сурадык. Биз балдарыбызды англис тилинде окуткубуз келет. Бирок булар жооп бере албай жатышат. Алар: “Ошол эле программа калат” дешти, бирок иш жүзүндө көп нерсе өзгөрүп жатат”, - деди Туташова.

Ата-энелердин дагы бир талабы - учурда иштеп жаткан мугалимдерди окуу жылынын акырына чейин иштетүү, бүтүрүү класстарга берилүүчү аттестаттарга “Сапаттын” мөөрүн басуу.

Наргиза Алматова
Наргиза Алматова

“Кызым быйыл бүтүрүүчү класста окуйт. Ушул убакка чейин чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга кызымды окутуу үчүн билдирүү таштаганбыз. Алардын бир канчасынан макулдук келген. Биз "май айында аттестатка “Маарифтин” мөөрү басылат" деп угуп жатабыз. Бирок “Маарифтин” мөөрү чет өлкөлөргө өтпөйт экен. Ошолорду угуп кыжалат болуп жатабыз”, - деди Наргиза Алматова аттуу Оштун тургуну.

Ата-энелер айрым мугалимдер жумуштан кетип жатканына да кабатыр болушууда. Коопсуздугунан чочулап, атын ачык айтууга макул болбогон мугалим мындай деди:

“Коопсуздугумдан чочулап турам. Анткени эртең мага дагы ар кандай жалаа жабылып, көйгөй жаралышы мүмкүн. “Маариф” келгенде, Билим берүү министрлигинен, өкмөттөн же жок дегенде шаардык билим берүү башкармалыгынан түшүндүрмө берип, алар менен иштешкиле деген расмий билдирүү болгон жок. Эгер ошондой билдирүү болсо, иштеше бермекпиз. Бирок мыйзамсыз иштер болуп жаткандан кийин коопсуздугума ишене албай калдым”.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей бере турганын, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде иш алып бара турганы айтылган.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдиргендей, ушу тапта Оштогу “Сапат” лицейинен эки мугалим жумуштан кеткен.

“Сапат” лицейинин мүдүрү же анын орун басарлары, мекеменин жаңы кожоюндары аталган “Маариф” фондунун өкүлдөрү да чогулган ата-энелер менен жолугушууга чыккан жок. Чалууларга да жооп бербеди. Учурда балдар лицейинде 600гө чукул бала билим алса, 70тен ашык мугалим эмгектенет.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурунку жетекчиси, Куштарбек Кимсанов “Сапат” лицейинин “Маариф” фондуна өткөрүлүшүн саясий чечим деп баалады.

“Сапат” лицейлеринин “Маарифке” өткөрүлүшү саясий чечим болду окшойт. “Сапат” бул убакка чейин өлкөдө алдына ат салдырбаган билим берүү мекемеси катары иштеп келди. Бул өлкөбүзгө өтө керектүү мектептер болчу. “Сапат лицейинин окуучулары эл аралык олимпиадаларда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн. Эми “Маарифке” өткөндөн кийин анын абалы мындан аркы кадамдарда билинет”, - деди Куштарбек Кимсанов.

"Маариф" фонду жакын арада мектептердеги билим сапатын жогорулатуу үчүн 2,5 млн доллар сарптоону көздөп жатканын кабарлаган. Бул акча мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, имараттарды оңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшала турганы айтылган.

Куштарбек Кимсанов "Маариф" фонду чындап билим берүүгө кызыкдар болсо эркин атааңдаштык менен “Сапат” лицейин артка калтырса болмок деген пикирде.

“Эгерде “Маариф” Кыргызстанга мектеп ачкысы келсе жана билим берүү тармагын жакшыртууну ойлоп жатса, Бишкекте бир билим берүү мекемеси бар эле. Ошол мекемени кеңейтип, “Сапатка” атаандаш кылып, “Сапаттан” да сапаттуу билим берип, балдарды тарбиялап чыгаралык" деген ой болсо чын ыклас менен колдойт элек. Бирок жакшы иштеп жаткан мектептерди энчилеп алалы деген ой туура болбой калды. Анын артында биз билбеген көп нерсе болушу мүмкүн”.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемеси “Маариф” фондуна өткөнүн лицей-мектептерде “билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртуу” ниети менен түшүндүргөн.

Министрлик “Сапатта” иштеген мугалимдердин жана анда окугандардын укуктары корголо турганын билдирген.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык окутуу процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот”, – деп айтылган Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон. “Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар. Анын Кыргызстандагы жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы уурдалып, Түркияда соттолгон. Билим берүү уюму өлкөдө 1992-жылдан бери иштеп келген. “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.

Короздор.
Короздор.

Абхаз жазуучусу Фазил Искандердин чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган, анда тоолуктардын кооздолбогон, жасалмасы жок нукура турмушу сүрөттөлөт.

Күнүмдүк жашоо-тиричиликтин сырт көзгө анча байкала бербеген жыргалы жумшак юмор, кызыктуу баян аркылуу көз алдыңа даана тартылат. Бул ирет жазуучунун "Короз" аңгемеси тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Бейиш жер

Абхаз жери кадимки Кара деңизди курчап турган торпу-торпу тоолордун арасындагы, жайы салкын, кышы жылуу, тропикалык жер-жемиш, өсүмдүктөрдүн бир тобу өскөн бейиштегидей кооз жер. Андагы жашаган адамдардын кандайлыгын, кимдигин Фазил Искандерден өткөрүп мыкты сүрөттөгөн калемгер жок. Майда делген, саны аз калк арасынан ушинтип бир кайталангыс талант чыгып калат экен.

Ошондон анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, сүрөткердин көзү тирүүсүндө мактоолорго арзып, бир тобу кинотасмага айланган. Антип китепкөйлөрдүн дүйнөлүк кызыгуусуна арзышка автордун жумшак юмору да себепкер болду окшойт.

Алдыда кеп болчу аңгеме да биринчи сүйлөмүнөн эле окурманды өзүнө тартып алат. "Мен бала кезден эле короздорго жакпайм” – дейт баяндоочу. “Эмне үчүн?" дегенге деле суроо жок, жер чокуп, шыйрагы жеткен жердин баарын шилеп чыкчу жоош-момун тооктордун "кожоюнуна" байкуш эмнеси менен жакпай калганы табышмак бойдон калат, анысы окуянын кийинки жүрүшүндө ачыкка чыгат. Урушчаак короз пайда болду дегиче сөзсүз "кан төгүлөрү" бышык го.

Бала ал жайда Абхазиянын тоолуу айылдарынын биринде жашап калган. Айылдагы түйшүк элдин баарына дайын. Таң эрте апасы бойго жеткен эки кызы, ишке жарап калган эки уулу жумушуна кетет, талаада жүгөрү чабыгы башталган, бир жагынан тамеки үзүү күчөп – ушунун баары кечке иш менен алектенген бешөөнүн мойнунда. Бала үйдө жалгыз калат. Эчкилерди тоого айдап ийип, сарайдагы улактарына бир боо шакты алдына таштайт. Анан күн ысыганга чейин булактан суу алып келип, киши жоктугун көрсө лып илип кетчү айры куйруктардан тооктун жөжөлөрүн коргойт.

Шаардан келген илмийген бала тезирээк ирденсин деп жаңы туулган жумуртканын экөөсүн чийкилей ичип алууга уруксат берилген. Тооктор дубалда илинип турчу чабырага жумуртка тууйт, анын экөөнү ысыгы тарай электе бутунун учуна тура калган бала алып чийки бойдон ичип ийчү. Таза аба, жаңы жумуртка, тоо арасындагы керемет жашоо – баары акырын өтүп жатты, арык балага андан башканын кереги деле жок болчу.

Шаардык бала эмеспи, кыйла убактысын китеп окуу менен өткөрөт, бир кычыктан америкалык жазуучу Майн Риддин "Башы жок чабандес" романы менен англиялык драматург Уильям Шекспирдин "Трагедиялары менен комедияларын" таап алган. Майн Риддин китебин жаттап алчудай болду. Американын мээ кайнаткан чөлүндө ойнолгон трагедия – башы жок чабандеси менен чанда бир көрүнүп калчу ат адам көрсө эле үркүп тоо арасына сиңип кетет. Аны уккан адамдарда жан жок, бул эмне балээ деп ар кыл жоромол-түкшүмөл келгиндердин үшүн алып бүткөн. Окуянын кызыгына баткан бала китептен баш көтөрбөйт. Кызыгы ушунчалык, китепти эки сыйра окуп чыкты, башынан-аягынан, кийин кыйгачынан да окуп көрдү.

Шекспирдин трагедиялдары аны анчалык азгыра албады, түшүнүксүздөй туюлду. Узун-кыска диалогдор, жалтыраган падышанын ак сарайы, аны жандаган маскарапоздор. Булары тестиер балага оор келчүдөй.

Шамал

Китептен тажаганда сыртка чыгат, булардын шамалкана жерге салынган дөбөчөдөгү үйүнүн алдында салкын желаргы ойноп турат, аба сергилең, анын тазалыгын айт. Баланы үйдүн шыбындагы чабалекейдин уясы кызыктырат, эки чабалекей зыпылдап учуп, кызыл эт балапандарына тынбай жем ташыйт. Короодо тооктор жөжөлөрүн ээрчитип, көк асман алдындагы айыл турмушуна кызыктуу түс берет.

“Тооктор короодо жер тытып, балапандар менен таранчылар чырпылдашат. Бирок шайтан тынч жатпайт да. Менин кыйкырыгыма карабастан, дээрлик ар күнү айры куйрук келет. Кээде тике качырып, кээде кайкып баратып балапанды илип алат, канаттарын оор күүлөп, асманга умтулуп, токойду көздөй каалгып жөнөйт. Бул эми бир укмуш көрүнүш да, мен кээде атайын эле алыстап кеткиче карап туруп, анан кыйкырымыш болуп калам. Айры куйрук илип кеткен балапан жүрөгү түшүп, тагдырына моюн сунган макоо кебетеленет. Эгерде мен убагында кыйкырып калсам, айры куйрук иле албай, илгенин түшүрүп ийет. Андай болгондо коркконунан жинди болуп, көздөрү тостоюп кыймылдабай калган балапанды чөп арасынан таап алабыз.

- Бул эми мал болбойт,- деп агаларымдын бирөө башын кесип ашканага жөнөтчү.

Тооктор мамлекетинин кожоюну килейген кызгылт короз эле. Жомоктогу жеке бийлөөчү чыгыш падышалары сыяктуу келбеттүү, көпкөлөң, митаам. Мен келгенден бир аз күндөн кийин эле ал мени жек көрө тургандыгы, кагылыша кеткенге шылтоо издеп жатканы билинип калды. Балким мен жумуртка ичип алганым анын эркектик намысына тийип жаткандыр. Же айры куйруктун чабуулунда жакшы туруп бербегенимби? Менимче, экөө тең себеп окшойт, негизгиси, анын оюнда тоокторго жеке кожоюндук кылган бийлигин тартып алат деп ойлогон го. Жеке бийлеп көнгөндөргө бул кайдан жаксын. Кош бийлик көпкө созулбашын түшүндүм, анан келечек салгылашууга даяр болуш үчүн анын жүрүм-турумун байкай баштадым.

Корозду эч ким коркок деп айта албас. Көктөн байкатпай учуп келип, тынч жүргөн жөжөлүү тоокту бейпайга салган душманга байкуш короз катуу каршылык көрсөтчү. Жүнүн үрпөйтүп, кайда качарын билбей байпастап калган "гареминдегилерди" тартипке салуу аракетин көрүп, канаты жайыла айры куйрукка ачык кол сала албаса да тап берип, качырып келип тигини тепкенге жарабай, бирок ачуусу келгенин көрсөтүп, бул жердин кожоюну өзү экенин сездирип турчу. Айры куйруктун анын бары-жогу менен деле иши жок болчу, качып кете албаган жөжөнү текөөрүнө илип, ыкчам көккө көтөрүлүүнүн аракетин көрчү.

Айры куйрук жөжөлөрдүн бирөөнү көтөрүп учуп кеткенден кийин балапанынан ажыраган байкуш тоок кыйлага какылдап, арыз-арманын кимге айтышын билбей туталанып, көпкө өзүнө келе албай, анан эч нерсе болбогонсуп калган балапандарын ээрчитип жер чукуп кукулуктап басып кеткенде эки-үч "колуктусунун" жанында жүргөн короз деле чоң иш кылгансып мойнун койкоктотуп, көңүлү кармаса мекияндын бирөөсүнө таап алган "шыбагасын" сен алгын дегенсип камкор болуп калчу. Короздук милдети - кез-кез көктү карап коркунуч жоктугун кабарлап турууну унутчу эмес. Жанындагы тооктор ага ишенип, коопсуздукту короз сактайт дегенсип беймаал оттоп калышчу.

"Мына, короодо асманда калкып жүргөн куштун көлөкөсү түштү же карганын каркылдаганы угулду, ал башын көтөрүп, эки жакты байкап сак болгонго белги берет. Тооктор коркуп аны тыңшайт, кээде жашынганга жай издеп чуркап жөнөшөт. Көпчүлүк учурда бул жалган маалымат болуп чыгат, бирок зайыптарын ушинтип коркутуп, жүрөк үшүн алып, ошол аркылуу өзүнө кыңк эттирбей баш ийдирет окшобойбу.

Күчтүү буттары менен жерди тытып, ал кээде даамдуу бир оокат табат, катуу үн чыгарып тоокторду тойлогонго чакырат. Чуркап келген тоок анын тапканын чокуп киргенде, ал кекчейип, бир канаты менен жер таянып, кубанып жаткандай тоокту бир нече жолу айланып да койгонго үлгүрөт. Мындай аракет, демейде зордуктоо менен аяктайт. Тоок байкуш эмне болуп кеткенин түшүнө бербей, өзүнө келиш үчүн күбүнүп, ал болсо жеңишке жеткенине ыраазы, тегерегине манчыркай карайт.

Эгерде кезектеги көзү түшүп калган мекияндан башка тоок чуркап келсе, тапканын коруп же ал тоокту кубалап, кукулдап, өзүнүн жаңы сүйгөнүн чакыра берет. Көпчүлүк учурда ал ак, балапанга окшогон, арык мекиян болуп чыгат. Ал короздун жанына саксына келип, моюнун созуп, шамдагайлык менен короздун тапканын чокуп эле четке тыз коёт, ыраазылык билдиргендин ишараты да жок".

Кыскасы, короздун жашоосу жыргал болчу, балага ошондой сезилчү, тооктордун бири да ага каршы чыкпай, ыгы менен болуп, анан чочугансып бирди-жарымын басып койсо деле тигилер эч нерсе болбогонсуп чаңын күбүнүп туруп кетчү.

Уруш

Башында бала экөө мунасага келгендей бири-бирине тийбей жүрүштү эле чочугансып бир жолу баланы келип тээп калбаспы. Экөөнүн согушу жок жерден башталды.

"Тышка чыга бергенде мен жакка бир нече чабуул жасады. Ар бир чабуулунда, менимче, көздөрүмдү чокуп салганга аракет кылды. Мен отургуч менен жакшы коргонуп, ал отургучка урунуп жерге кулайт. Тытылган колдорум канап, оор отургучту кармап туруу да улам кыйындап барат. Бирок отургучтан башка коргонуучум жок эле.

Кезектеги чабуулда короз күчтүү канаттарын күүлөп секирип, бирок мен күткөндөй калканыма урулбай, ага конуп алды. Мен отургучту ыргытып, серүүнү карай чуркап,үйгө кире сала, эшикти жаба койдум.

Көкүрөгүм телеграф мамысындай гүүлдөп, тытылган колдорумдан кан куюлат. Мен тыңшап турам: ишенип эле турам, кудай урган короз эшиктин алдында аңдып турат. Так эле ошондой экен. Бир топтон кийин ал эшиктен четтеп, темирдей тырмактары менен серүүнүн полун такылдатып, өзүн кожоюн сезип жүрөт. Ал мени согушка чакырып, мен болсо чепке бекине турганды ылайык көрүп жатам. Акыры күтө берип тажады көрүнөт, серүүнүн тосмосуна секирип чыгып, жеңишин билдиргендей кыйкырык салып калды”.

Бала менен короздун таймашы эшикте туш келген жерде улантылып жатты. Короз жеңиш меники дегенсип баланы бардык жерден андый баштады, мойнун койкойтуп, канаттарын жазып, урушка даярданып калат. Ушунчалык да кекчил болобу, баланы артынан келип тээп, чокуп, айласын алты кетирчү болду.

"Мен качып, ал улам жетип тээп, чокуп, акыры чалынып жыгылдым. Ал үстүмө чыгып алып, кандуу кармаштын ыракатынан кыркырап ой-да көргүлүк салып жүрөт. Эгерде агам чуркап жетип, кетмен менен аны ыргыта чаппаса, кыр аркамды оюп салат беле... Биз аны өлүп калды деп ойлодук эле. Жок. Кечинде жоошуп, көңүлү чөгүп, байкуш кебетесин кийип, чөптүн арасынан чыга келди.

Менин жараттарымды жууп жатсам апам:

- Кыязы экөөң бир ааламга батпай калдыңар. Эртең аны кууруп салабыз, - деди.

Эртеси агам экөөбүз аны кармап жүрдүк. Байкуш, жамандыкты сезди окшойт. Бизден страустан беш бетер ыкчамдыкта качып жүрөт. Огородго уча качып, бадалдардын түбүнө корголойт, акыры жертөлөгө камалып, кармап алдык. Кебетеси запкы тарткандай, көздөрү муңга толуп, мени күнөөлөгөндөй тиктейт.

Мага: “Ооба, экөөбүз бири-бирибизге душман элек, бирок бул ачык, адилет, эркектердин согушу эмес беле. Сенден мындай арамзаалыкты күткөн жок элем” деп аткандай. Мен чыдабай, бурулуп кеттим. Бир аздан соң агам башын керте чаап салды. Короздун денеси секирип, туйлап атат, канаттары титиреп, жазыла калып кокосун калкалап аткандай, ал жактан кан бүлкүлдөп атып атат, атып атат…”

Баланын короздон кутулгандан кийинки жашоосу көңүлсүз, супсак болуп калды. Анын этинен жасалган сорпого тойгондон кийин бул байкуш урушчаак короз тура, өзү кырдуу атаандашы жок адамга асылган окшойт, пенде баласы менен жаныбар урушпасы керек деген ойго келди.

Фазил Искандердин аңгемесин кыргызчага Марсел Исаков которгон.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG