Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:01

Кыргызстан

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак Саткын менен Кулмырзанын армандуу сүйүүсү аңыз кепке айланып, элдик поэма катары таралган, аны айтылуу апыз Барпы, совет заманында Алыкул акын дастан кылып ырга кошкон. Абдыкерим Муратовдун «Ак Саткын» аңгемесинде ошол от-жалынга ширелген кайгылуу махабат баяндалган. 

Кызгалдактуу талаа

Эки жаштын жолугушкан жери - Ноокаттын бийик тоолуу Көк-Белинин керилген жайлоосунда өткөн окшобойбу. Көк-Бел жазында кызыл гүлдөргө оронуп, кыпкызыл жайлоо болуп калат. Ошол кызыл-тазыл гүлдөрдү аралап он жети жашка толгон Ак Саткын эки челегине толтура суу алып келаткан. Жаз менен гүлгө кыз жарашып «майдалап өргөн чачы далысын жаап, кымча бели буралып, сонодой узун мойну койкоюп, өзүн өзү ырастап, айдай жүзүн сулуулап, кашына осмо сүртүп, анысын кайра-кайра коюулантып жаңыртып, эндик-кына коюнуп, көргөндүн көзүн тартып, жигиттерди ичтен тамшантып турган” кези болчу. Бул деле өтмө курак, жылдар өтөт жаш деле өзгөрөт, анан билинбей карылык кантип келгенин байкабай каласың. А кыз болсо мөңгү кеткен жерди жарып чыккан кымыздыктай солкулдак, жумшак, таттуу болчу.

Гүлдөрдүн арасында бойго жеткен Саткынай кыздын сулуулугу андан бешбетер артып, от-жалын чачкан гүл талаа кулпуруп, ага жаздын жылуу илеби кошулуп, өзүнчө эле бир керемет жаралып, баары жарашып турганда суу көтөргөн сулуунун маңдайынан боз жорго минген жигит чыгып атпайбы, чиркин. Алыстан жол жүрүп келаткан окшойт, аты да, өзү да чарчаңкы, көңүлү чөгүңкүдөй сезилди. Кыздын уялыңкы баамына бейтааныштын келишкен аты, күмүш кемери, анан жандуу ойноок көзү гана илинди. Көзүн ала качып уялыңкы жер тиктей жандап өтө берди, эндик коюлган эки бетинин ысыганы ай.


Ийини талыбаса деле суу көтөргөн баканды алмаштырмакка токтой калганда жорго үстүндөгү жигиттин үнүн эшитти:

"– Булагыңар ушул жактабы, таеже? – Кыз селт этти.

Жигит ушинтип сурады. Саткын унчукпады. Башка эч ким жок экенин, ошондой болгондон кийин суроого жооп берүү керектигин түшүнсө да, унчуга албады. Кадамы шилтенбей токтоп калды, денесиндеги калтыракты туйду.

Жигит кыздын челегинин ичиндеги суудан өзүн көрдү, түлкү тебетейин, чырайлуу жүзүн көрдү, өзү челекте кыймылдап, токтобой турду, аны кыз токтотпой, кыздын калтырагы сууну козгоп, сууга кошо сөлөкөттү козгоп жатты.

Башка сүйлөшпөдү, ошол-ошол бойдон басып кетишти. Бири булакка кетти, бири булактан кетти…”

Албырган жүзүн жашырып, демин ичине алып өргөөгө келгенде энесинен алайлык жээни Кубаттын уулу жылкы издеп келгенин, айран ич дегенге көнбөй булак жакка бастырып кеткенин укту. Ошону менен бейтааныш жээн тууралуу кеп деле болбой, арадан үч күн өткөндөн кийин кырдан түшүп келаткан жалгыз атчанды көрдү.

Жүрөгү болк этип кыз өзүн кайда коёрду билбей боз үйгө улам кирип, кайра чыгып, оромолун оңдоп, бир кызыкча боло берди. Кызык абалда болду. Боз атчан үйгө бурулбай өтүп кете берерде энеси жээнинин жогун тапкан-таппаганын сурап калды. Кемпирдин «айран ич» деген өтүнүчүнө жок дей албай жээн атынан оозун бери бурду. Ат алганга киши жок Кулмырзанын атын Ак Саткын өзү алды.

“Атты байлап жатып жигитти абдан карады, чырайлуу жүзүн, капкара көздөрүн, карарып жаңыдан чыгып келаткан мурутун, колундагы күмүш сап камчысын, шыңга боюн көрдү да, тымызын суктанып алды, ичинен бир сезим нукуп өткөнсүп, жигиттин жылдызы өзүнө жакын сезилди.

Энеси жигиттин атын сурады. «Кулмырза» деген жообу кыздын кулагына куттай уюй түштү. «Кулмырза... Кулмырза...» – деп эки-үч сыйра кайталап алды.

– Кесеге айран куюп чык, жээнге? – энеси Саткынды издеп калды.


Кыз ордунан жылды, жүрөгү суудан чыккан балыктай туйлап баратты. Кытайдын кырма аягына мелт-калт айран куюп чыкты да, энесинин жанында олтурган жигитке жөнөдү, эшик-төрдөй жер күнчөлүк болуп, кыз жүдөп кетти, жете албай, жигит карап турганын билди, улам бутунан мүдүрүлүп, кесеси колдон ыргый турган болуп жигитке жетпей баратты.

– Ыракмат, таеже. – Жигиттин үнүнөн кыз чочуп кетти.

Байкаса, Кулмырза кыздын колун аякка кошо кармап алыптыр. Ак Саткынды уят басты, тескери карап кетти. Жигиттин колу тийген манжалары от болуп алоолонуп күйүп атты. Кулмырза да кыздын аппак алаканын көрдү, бир сезим бүт баденин жибитип өттү.

Кыз боз үй жакка басты. Кыргыз үйдүн ичинен, кийиздин кичинекей жыртыгынан карады жигитти, уурданып карады, андан сулуулукту, күчтүүлүктү, кайраттуулукту көрдү жана өзүнө теңтуштукту, ылайыктуулукту көрдү. Жигит кармаган колуна тигилди”.

Саратан өтүп күз келди

Үйдө энеси экөөнөн башка киши жок, жээнди Саткынай өзү узатты. Шок жигит жөн өтпөй кыздын кабыргасынан акырын нукуп өттү. Эркектин колу тийбеген бечара кыздын денеси от менен жалынга капталып энесинен уялганычы, бирок кемпир колунан түшүрбөгөн ийигине берилип алган экен.

Кыздын сезимин козгогон жаз көп өтпөй саратан жайга орун бошотуп, күтүрөгөн күз келди. Көкбелдиктер Алайдан жайлоодон кайтарда кыз той болуп ошол жерде Саткын Кулмырзаны дагы бир көрдү.

Саткын да топ кыздар менен тойго барган, Кулмырза таежесинин келгенине чындап эле сүйүнгөн белем, жолун тороп, кыздардын алдында аны уят кылып коёрдо дагы жакшы курбулары келе калып колунан тартып алып кетишти.

Ыр деген ошондо түнү бою жамгырдай төгүлдү окшойт, баары ашыглык, армандуу махабат, жете албай калган сүйүү тууралуу болду. Кезек Кулмырзага жеткенде, ал чындап эле буулугуп калганбы, армандуу ырын узакка созду. Саткынды уят каны тээп, элдин баары эле аны карагансып денеси от-жалын болуп, ордунан жылалбай калды.

Күмүш пайнек, жез пайнек,

Бычагымда болбоду.

Күн чырайлуу Саткыным

Кучагымда болбоду.

Суу аласың шар жерден.

Бой көрсөттүң ар жерден,
- деп жаңшанып ырдай берди.

Жалаң жаштар арасында эчен сезимдер бүр ачып, козголуп, азоо жүрөк токтолуп, Саткындын денеси Кулмырзанын ырына жибип, тигинин созгон колун түртүп салалбай, экөө ээрчишип көпчүлүктөн бөлүнүп ээндеп кетишти.

Тойдогу дуулдаган жаштардын чуру-чуусу угулбай, жээн-таеже кыналып, ортодо сөз да жүрбөй, бир кызык абалда баратышты. Болду ошону менен кыз-жигиттин сырдашуусу аягына чыкты, таң атты.

Эртеси айыл көчтү. Алайчылар көчтү кыйлага узатып коюшту. Көчтөн калбай келаткан Кулмырза кыз кеткен тарапты кыйлага карап турду, таежеси бир жолу гана артын карай алды.

Таежеси менен жээндин арасын алыстатчу окуя ошол жылы кышында болуп өттү, Ак Саткынды кудалап, башын байлап кетишти. Кызы күчүн ыйдан чыгарганы атасын да, апасын да ойлонтпой, бой жеткен сулууну колунда бар, бирок жашы өтүп калган күйөөгө бермей болушту. Анысы калыңды мол берип, төртүнчү ирет төшөк жаңыртмакчы болуп жаткан экен, күз келип орозо бүтсө эле той кылып үйлөнмөктүн камына киришип алыптыр.

Эрте жаз ашуу ачылып, Көк-Бел кулпуруп жаз мээримин төгө баштаганда Жумабай тагасы алайлык жээндерди тойго чакырды. Кулмырза аны күтпөй шылтоолоп Көк-Белге эрте келди. Баягы тааныш булактын жанында атын байлап коюп ойлонуп отурса баканга кош чакасын илип Саткыны келатат. Түшүндө гана көрчү ашыгы келатат, эй!

Ошол жерде сүйлөштү, жолугалы деди эле тигил: «отоолуу кыз аталганмын», ары-бери баса албаймын деп армандуу сырын алдыга жайды. Сууну аяр көтөрүп узай берген кыз тык токтоду да, баарына кайыл болгон окшойт, Кулмырзага ачык суроо узатты:

“ – Келе аласызбы? Коркпойсузбу?

– Келем! Коркпойм! – Кулмырза чуркап келди. – Жатар жериңди айт?


– Оң жак жүктүн бурчунда, арс ичигин төшөнүп, түлкү ичигин жамынып жатам... Келбей эле коюңуз. Тил алыңыз. Бейжаздым кылбаңыз…

Ошентти да кыз энесинин үнү чыккан жакка, уят күчү менен аттап-аттап шагдам жөнөдү.

Ал айтмакчы болгон сөздөрүн айта албай калды. «Келиңиз, сөзсүз келиңиз, күтөм, кыш бою күттүм. Тарсылдап доошу угулбасын, такалуу өтүк кийбей келиңиз, кырдан бирөө көрбөсүн, колот менен келиңиз, атты алыска колотко коюп келиңиз, кулундуу бээ минбей келиңиз, кулунун жоктоп кишенейт, үйүрлүү айгыр минбей келиңиз, үйүрүн жоктоп кишенейт» дейин деди. Уялды. Айта албады.

Жигиттин сүйүнүчтөн жүрөгү опколжуп, өзүн коёрго жер таппай, атынын мойнун кучактап кайра-кайра өпкүлөп, бир топтон кийин ээрге ыргып минип, теминген бойдон капталдан ашып кетти.”

Ошол күнү кечтин кирмеги аябай узакка созулду да. Акыры кеч да кирди, малын жайлаган, кечки тамагын ичкендер уйкуга баш урушту. Кулмырза атын булактын ары жагындагы далдоо жерге байлап, тааныш боз үйгө акырын жылып келди. Кыздын «кетиңиз» деп безилдегенине карабай үйдүн капшытын көтөрүп уурдана басып өргөөнүн ичине кирди. Аны ээрчип келген Ай, көктө жылдыздар жымыңдап сыртта калышты, боз үй ичиндеги экөөнө дүйнө бир пулга арзыбай ашыглык лаззатына батып кетишти.

“Өргөө ичинде эки гана адамдын жүрөктөрүнөн чыккан дооштору жүрөктөрүн аралап, караңгы түңгө сиңип жок болуп кетип атты. Алар ашыглык лаззатын татып, кумар отун алоолонтуп, дене бою коргошундай көлкүтүп, өздөрүн өздөрү унутуп баратышты. Бойлору балкып, биринен бири бөлүнө албай биригип, жупташып, башкача бир таттуу жибишип, бу дүйнөнүн эч качан мурда көрүп-билишпеген башкача бир рахатына магдырап баратышты...

Ай-жылдызы менен көмкөрүлгөн асман, караңгы түнү, боз үй булардын сүйүүсүнө арбалып кошулуп эрип бараткансыды...

Ак Саткын чочуп кетти. Кимдир бирөөнүн бутунун шырпылдаган доошу чыккандай болду. Ал доош үйдү айланып басып жүргөндөй сезилди. Бул ушундай эле кулагына угулдубу, же чын эле чыктыбы, кыз анчейин билбей жатты.

Коркуп, тыңшап туруп калды. Эч нерсе угулбайт. Көңүлү бир аз жайлангандай болду. Койнундагы Кулмырзаны ойготоюн деди, кайра кыйбады, жаш баладай жакшына болуп көшүлүп уктап жатат.

Акыры качантан бери ушуну тилеп жүрбөдү беле? Кантип ошол бактысын өзү чочутуп, өзү бузуп алсын! Уктай түшсүн! Анан деле туруп, кетүүгө үлгүрөт да.

Дагы экөө басып өткөнсүдү. Каалга ачылды. Ак Саткын жүрөгү түрсүлдөп катуу какты. Кайра каалга жабылды. Кыз Кулмырзаны түрттү, анын кулагына шыбырады, алар бирине бири шыбырашып сүйлөп атышты” .

Кулмырза бул күндү канча күткөн, таң ушунчалык эрте атабы, ашыгынын жанында жаткан ар бир мүнөт ага ушунчалык узун да, кыска да эле. Кыздын сергек сезими жамандыкты билип эле жатты, бирок ал ушунчалык капыс, ыкчам болорун күтпөгөн.


Караңгы боз үйгө «эки киши шарпа-шурп кирип, бири Ак Саткынды түлкү ичикке бөктөрө кармап жыгылды, бири турууга үлгүрбөгөн Кулмырзаны бөйрөккө канжар менен эки-үч жолу матырып алды…”

Бүттү баарысы, Ай менен жылдыздар ал түнү бир укмуш жарык чачып турушту эле, баарысы эки жаштын бактысына суктанып, көөлгүп турушкан.

Анан жыбыраган жылдыздардын арасынан бир жылдыз мунарыкка сайылып жарыгы өчтү. Артынан дагы бир жылдыз караан үздү. Мунусу ашыгынын артынан көкүрөгүнө канжар урган Ак Саткындын жылдызыдыр.

Ошол таңда ашыктык ыры ыйга айланып көккө учуп чыгып торгой болуп сайрап, булбул болуп тил безеп, аны уккан адамдар баянды ырга, күүгө айлантып армандуу баянды улап кетишти.

Кеп соңунда автор тууралуу кыска маалымат: көп кырдуу жазуучу, таанымал илимпоз Абдыкерим Муратовдун «Ак чыйыр», «Курманбек баатыр», «Ордолуу жыландар», «Бири кем дүнүйө», «Акыркы адамжапайынын арзуусу», «Рахманкул хан», «Сунулган баш... Суурулган кылыч» деген адабий китептери жарык көргөн.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ысык-Көлдүн жетекчилиги бул демилге аймакка келген эс алуучулар үчүн шарт катары каралышы керектигин белгилеп, башка өлкөлөрдү мисал тартты.

Бирок экологдор сунуш айрым мыйзамдарга туура келбестигин, бууканалар Ысык-Көлдү булгай турганын жүйө келтиришүүдө.

Документтин маалымкат-негиздемесинде Ысык-Көлдүн жээгинде инфраструктураны өнүктүрүү туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн гана эмес, бул аймактын экономикасы үчүн да маанилүү экени жазылган. Жаңы объекттер салынса, республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык да көп түшөрү белгиленген.

“Туристтердин көпчүлүгү убактысын жээктеги аймактарда, тактап айтканда, парк-пляждык аймактарда өткөрүүнү каалашарын эске алуу менен аймактын жагымдуулугун андан ары жогорулатуу үчүн курорттук-рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Мындай өнүгүүнүн маанилүү элементтери - пирстер, пирстик мончо комплекстери, бар текчелери жана коомдук дааратканалар сыяктуу объектилерди түзүү жана жабдуу”, - деп айтылат токтомдо.

Кыргызстанда 2018-жылы көл үстүнө же ага жакын жерге мончо курууга тыюу салынган.


Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев пирстин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү заман талабы деп эсептээрин "Азаттыкка" билдирди:

"Экологдорго түшүндүрүп айтканбыз, алар бул демилгени колдойт. Башкысы - Ысык-Көлгө зыяны тийбеши керек, биз суу чыпкалоочу жайлар курулушун, сууну таза кармоону талап кылабыз. Ансыз да жээкте күнгө какталып жатып, тердеген бойдон көлгө түшүп атышат. Андан тышкары көл жээкте чайканууга ылайыктуу жай (душ) болушу биздин талап. Бууканага кирем деген адам биринчи душка кирсин. Андан чыккан суу саркынды сууларды тазалоочу жайга туташтырылсын деп жатабыз. Уруксат берип көрөлү, жыйынтыгы жакшы болсо, иштешет. Ал эми талаптарды, эрежелерди сактабай ой келди иштете беришсе, кайра эле тыюу салынат. Ар бир келген эс алуучунун талаптары ар башка. Кээси көл жээкте жатып эс алат, кээси ошентип бууканага түшүп, андан чыгып көлгө секиргиси келет. Ошондуктан биз бул демилгени көтөргөн тарап катары колдойбуз. Мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө бар жана ийгиликтүү иштеп жатат".

Далиев пирстин үстүндөгү бууканаларда жана жээктеги душта самын колдонулбай турганын айтууда. Ал көл жээгинде кеминде 100 метрде эч кандай курулмалар болбошу керек деген шартты өзгөртүү керектигин кошумчалады. Ал үчүн облус жетекчилиги Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жана Ысык-Көл районунун бюджетинин эсебинен төрт пляжды шартка ылайык жасап жатканын айтты.

Бул пляждарда ажатканалар ошол эле 100 метр ичинде каралууда. Андан чыккан калдыктар канализациялык насостук станцияга туташтырылат. Мындай шарт башка да жээктерде түзүлүшү керек деген негиз менен азыр аймак жетекчилери облустагы эс алуу жайларынын ээлери менен жолугушууларды уюштурууда.

Буукана, ажатканалардан сырткары кафетерий жана башка суусундук саткан жайларды көл жээгиндеги 100 метр аралыкта иштетүүгө уруксат берүү каралууда. Булардын баары атайын жободо иштелип чыгарын Далиев кошумчалады.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чарчы чакырым аянтты ээлейт. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды көлдү булгап, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Максат Кыштобаев демилге "Ысык-Көлдүн экологиясын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга каршы келерин айтууда:

"Жогоруда айтылган мыйзамда "көлдүн жээгине, көлдүн үстүнө 100 метр аралыкта курулмаларды курууга болбойт" деп жазылып турат. Ошондуктан бул демилгени ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте ушул мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Экинчиден, биз көлдүн экологиясын сактайлы деп эмне деген иштерди жасап келатабыз. Анан саркынды сууларды тазалоочу жайларга туташтырылат дегенге ишеним аз. Баары эле жоопкерчилик менен туташтырбайт, бул чыгымдуу иш. Биз жаратылышты, суубузду, көлүбүздү зыянга учуратып алышыбыз мүмкүн. Мамкурулуш муну айтып жаткандан кийин "Ысык-Көлдүн экологиясын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизмейинче биз эколог катары уруксат бербейбиз. Бул сунуш тууралуу биздин кабарыбыз да жок, бизге айтылган дагы эмес. Мыйзамга өзгөртүү киргизген күндө да каршылыгыбызды билдиребиз. Ошол эле бууканалардын суусун акырын көлгө кое берип иштей берчүлөр толтура. Кээси буукааналарын сүйрөп келип, жээкке коюп алышат. "Булганса булгана берсин, башкысы менин ишим жүрүп турсун" дегендер да толтура. Бууканаларды койгон күндө да ага жагылган көмүр, отундун калдыктары абага көтөрүлүп, кайра көлгө түшөт, кир суусу көлгө куят, кээ бир адамдар ошол бууканадан кирин эзип алып анан көлгө кирет. Айтор, өтө көп маселе жаралышы ыктымал".


Мыйзамга ылайык, көл жээктен 500 метр аралык санитардык зона катары эсептелинет, ал эми суудан 100 метр аралык өтө катуу көзөмөлгө алынган жер катары саналат.

"Эко дүйнө" коомдук фондунун эксперти Влад Ушаков бууканалардын экологияга тийгизген терс таасири тууралуу атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөр, илимий кызматкерлердин аныктамасы жок болгондуктан бууканалар канчалык деңгээлде кооптуу экенин айтуу кыйын деген пикирде. Бирок алардын суу үстүндө жайгашуусу бир топ кыйынчылыктарга алып келет деп кооптонот:

"Биздин өлкөдө жаратылышты, экологияны коргоого багытталган бир топ мыкты мыйзамдар бар. Маселе мыйзамда эмес, маселе алардын аткарылышында. Биз дайыма келечек муунга корголгон табиятты калтырабыз деп келебиз. Бирок тез акча табуунун аркасынан жүрүп, мыйзамдарды дайыма бузуудабыз. Мыйзамдар бирөөнүн мүлкүн тартып алуу керек болгондо гана иштейт. Маселе мына ушунда. Ошондуктан бууканалардын терс таасири тууралуу өтө олуттуу изилдөөлөр керек. Сууга, абага, суу алдына мынча калдыктар түшөт деген анализ жок бизде. Менин пикирим боюнча, Ысык-Көлгө бууканалар эч жакшылык алып келбейт".

Ысык-Көлдүн тургуну, активист Нурмухаммед Асанакунов бул маселе жергиликтүү эл менен талкууланып, анын негизинде сунуштар эске алынган документ коомдук талкууга коюлушу керек эле деп эсептейт.

Ал биосфералык аймак деп эсептелинген Ысык-Көл соңку жылдары кыйла тартылып, анын үстүндө жүргөн моторлуу кайык, скутер өңдүү суу транспорттор маселеси жыл сайын көтөрүлүп, чечилбей келгенин да эске салды:

"Мамлекеттик деңгээлдеги кызматкерлер ушундай сунушту кантип алып чыгып жатканы мени таң калтырды. Биосфералык аймактагы көл жээгине мончо, сауна, буукана куруу акылга сыйбаган нерсе. Экология маселеси өтө кооптуу, азыр дүйнөдө болуп жаткан окуялар баарыбызга маалым. Жалпы элдин пикирин угуп, анан бир чечимге келиш керек. Бүгүнкү күндө бул канчалык кооптуу экенин түшүнүп турган адистер деле бул боюнча пикирин ачык айта албай отурат, тили кыска, социалдык тармакта да жаза албай калды. Буукананы коюп, көл жээгиндеги эс алуу жайларынын саркынды сууларды тазалоочу жайларын иретке келтириш керек. Көбүнүн кир суусу кайда кетип жатканын караган киши жок. Ошону ордуна келтире албай жатып буукананы бардык эрежеси менен курабыз деген болбогон кеп".


Көл үстүндөгү пирстерге курулган бууканалар 2018-жылы алына баштаганы менен, алардын айрымдары 2024-жылга чейин иштеп келди. Мисалы, Чоң-Сары-Ой айылындагы жеке эс алуу жайынын көл жээгинде орнотулган буукана өткөн жылы февралда гана алынган.

Милиция, Ысык-Көл районунун жетекчилиги, Чолпон-Ата мэриясы биргелешип 2018-жылдан бери көл жээгинде бир катар рейд иштерин жүргүзүп, иштеп турган бууканаларды алдырып, кээсин бузуп, андан ары иштөөсүнө тыюу салып келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG