Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Грузин парламенти "Чет элдик агент жөнүндө" мыйзамды кабыл алды


Грузиянын туусун көтөргөндөр.
Грузиянын туусун көтөргөндөр.

“Грузин кыялы” партиясы басымдуулук кылган грузин парламенти маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген бир катар мыйзамдарды үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун грузин кызматы жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамы, Телерадиоберүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, бейөкмөт уюмдардын мыйзам чыгаруу процессине милдеттүү катышуусун жокко чыгаруу тууралуу өзгөртүүлөр бар.

Үчүнчү окуудан кийин парламент мыйзамдарды президент Михаил Кавелашвилиге кол коюуга жөнөтөт. Телерадиоберүү, бейөкмөт уюмдардын мыйзам чыгаруу процессине катышуусу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр президент кол койгондон кийин дароо, ал эми "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзам 60 күндөн кийин күчүнө кирет.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн. Алар полициянын күч колдонуусунан кийин тараган.

Бийлик мындай мыйзам өлкөнүн саясий жашоосундагы ачыктыкты камсыз кылуу, эгемендикти коргоо үчүн керек экенин билдирип, митингчилерге күч колдонулбаганын айткан.

Өлкөнүн мурдагы президенти Саломе Зурабишвили, оппозиция жана жарандык коом Грузиянын келечеги Орусия менен эмес, Европа менен тыгыз байланышта болушу зарыл деп эсептешет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG