Орусиянын Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу Адам Кадыров ИИМдин куратору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат 31-мартта белгилүү болгонун Кавказ.Реалии сайты жазды.
Чеченстандын Ички иштер министрлигинин башчысы Аслан Ирасханов мындай чечимди Рамзан Кадыров кабыл алганын билдирди.
Адам Кадыров кызматка киришкенден кийин Ички иштер министрлигинин эмгеги сиңген сегиз кызматкерине Чеченстандын баатыры медалын тапшырганы кабарланды.
17 жаштагы Адам Кадыров атасынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы жана шейх Мансур атындагы батальондун жетекчиси. Ал Чеченстандын баатыры наамына да ээ болгон. Ошондой эле эң жаш жетекчи катары Орусиянын Рекорддор китебине кирген.
Адам Кадыров куран өрттөдү деген айып менен үч жарым жылга абакка кесилген Никита Журавелди тергөө абагында сабагандан кийин сыйлыктарды алып, жогорку кызматтарга дайындала баштаган.
Бул Кадыровдун балдары жана жакындары жогорку кызматтарга дайындалган биринчи учур эмес. Рамзан Кадыровдун дагы бир уулу, 20 жаштагы Ахмат Кадыров бир жыл мурун Чеченстандын спорт министри болуп дайындалган. Кызы 20 жаштагы Хадижат Кадырова 2024-жылдын февралында Чеченстандын өкмөтүнүн администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Кадыровдун дагы бир кызы Хутмат Кадырова Чеченстандын саламаттыкты сактоо тармагынын куратору. (AiA)
Шерине