Орусия Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. DeepState долбоорунун маалыматына караганда, Кураховодо айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Соңку бир суткада Газа тилкесинде Израил армиясынын соккусунан кеминде 67 киши набыт болду. ЦАХАЛ карапайым калкты коргоо чаралары көрүлгөнүн билдирди. Өзбекстанда социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөдөгү энергетикалык кризисти сындаган Гайрат Дустовдун 15 суткага камалганына каршы флешмоб уюштурушту.
Кыргызстан
жума 3 Январь 2025
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев былтыр декабрда шайлоолордогу гендердик квотаны кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Гендердик квотасыз Кыргызстанда айымдардын жергиликтүү кеңештерге, парламентке келиши дээрлик мүмкүн эмес. Төраганын аялдарга карата айткан билдирүүсү сынга кабылды.