Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Кыргызстан

Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова.
Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова.

2024-жыл дүйнөдө жана Кыргызстанда спорттук окуяларга бай болду. Жыл башында Кыргызстандын футбол курамасы экинчи ирет Азия кубогуна катышса, Париж Олимпиадасында эгемендик жылдар аралыгында кыргыз спортчулары эң көп байге алды.

Андан сырткары бул жыл Паралимпиада каармандары жана Көчмөндөр оюндарындагы талаш, беш спорттук федерациянын жана Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилери алмашканы менен да эсте калды.

Эстен кеткис Париж Олимпиадасы

2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада дүйнөнүн көңүл борборундагы эң урунттуу окуялардын бири болду. Төрт жылда бир жолу өткөн жайкы Олимп оюндары 100 жылдан кийин кайрадан Франциянын баш калаасында өттү.

Бул олимпиада Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган эл аралык ири мелдеш болду. Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Алардын көпчүлүгү дүйнө жана Азиянын бир нече жолку чемпиондору, жылдыздуу курам эле. Жыйынтык да ошого жараша болуп, алты медал жеңип алышты. Кыргыз спортчулары Парижден эки күмүш, төрт коло менен кайтты.

Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Мээрим Жуманазарова күмүш медал жеңип берди.

Париж Олимпиадасынын каарманы мушкер Мунарбек Сейитбек уулу болуп, жыл соңунда ал тууралуу көркөм тасманын сценарийине сынак жарыяланды. 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында финалга чейин жеткен биринчи кыргыз мушкер болду.

Олимпиада оюндарына фаворит катары барган балбандар, айрыкча Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудовдон күйөрмандар алтын медал күтүшкөн эле. Бирок үчөө тең коло медал утту. Акжол Махмудов олимпиададан кайтып келгенден кийин күйөрмандардан кечирим сурап, кийинки Олимпиададан алтын медал утарын убады кылды.

“Эл күткөн алтын медалды ала албай, ишеничти актабай калдык деп өзүбүздү күнөөлүү сезип жатам. Кудай буюрса кийинки Олимп оюндарында алтын медал тагынганга толук күч-аракетимди жумшайм. 2028-жылы өтө турган Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданам”, - деди ал.

Жыл соңунда үч балбан тең үй-бүлө куруп, өзүнчө түтүн булатканын жар салышты. Олимпиада оюндарынан кийин кыргызстандык спортчулардын бешөө үй-бүлө курду. Анын ичинде мушкер Мунарбек дагы бар.

Грек-рим күрөшүнөн Үзүр Жузупбеков Олимпиадада коло утту. Бирок балбан чоң спорттогу көйгөйдү ачык айтканы менен күйөрмандардын эсинде калды. Анын диетолог, психолог тууралуу айткандары коомдо талкуу жаратты.

Олимпиада оюндарынан кийин Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды. 33 жаштагы балбан кыз эми карьерасын жыйынтыктайт деп турган чакта кийинки, Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына да катышарын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасынын коло медалы менен.
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасынын коло медалы менен.

“Эс алып атам. Жеке жашоо деген да бар. Бардык нерсени өз учурунда кылыш керек экен. Спорттон кийин да жашоо бар. Ошол жөнөкөй жашоону да жашаганды билиш керек. Издөө учурундамын. Өзүмдүн жеке жашоомду да ордуна келтирип, бардык нерсени ойдогудай кылып алып бир жарым жылдан кийин кайрадан спортко келип, 2028-жылы боло турган оюндарга даярдык баштайм”, - деген спортчу КТРК спорт каналына курган маегинде.

Париж Олимпиадасынан кийин Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эркин Тентишев келди. Федерациянын бардык мүчөлөрү, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер курамаларынын башкы машыктыручулары алмашты.

Грек-рим күрөшү бонча улуттук курама командага жаңы башкы машыктыруучу болгон Уран Калилов “Азаттыкка” маек куруп, 2028-жылы өтө турган Олимпиададан алтын медал утууга бар күчүн жумшарын айтты:

“Кыргыз элине Олимпиаданын алтын медалын алып келем деген көп жылдан бери максатым бар. Жараткандын буйругу, албетте, бирок менде тажрыйбам бар, ыкмаларым, командам бар. Кыргызстан 1980-жылдан бери, эгемендикти алгандан бери да Олимпиаданын алтын медалына жете элек. Бул мага өтө оор жүк болуп келди. Өтө чоң жоопкерчиликти сезип турам. Биз, федерация, машыктыруучулар штабы, балбандар, баарыбыз чогуу бирдикте иштесек, ийгилик жарата алабыз деп жүз пайыз ишенем”.

Паралимпиадачыларга жол көрсөткөн Гүлназ

Олимпиаданын артынан эле Парижде Паралимпиада оюндары өттү. 28-августта башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталган оюндарга Кыргызстандан алгачкы жолу төрт спортчу катышты.

Көзү азиз Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Жүзбаева бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты. Жүзбаева спортко эле эмес, коомдук иштерге да активдүү катышып келет. Ал Кыргызстандагы көзү азиздер федерациясын негиздеп, жолдошу Жаладин Абдувалиев менен өлкөдөгү көзү азиздерди коомго аралаштырууга аракет кылып келишет. Бул паралимпиадага алардын эки окуучусу - Айтунук менен Маматибраим да жолдомо алышкан.

Айтунук менен Гүлназ Парижде: “Биз мындан ары дагы өсүшүбүз керек”
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Паратлет Айтунук Жоомарт кызы аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, 11-орунду ээледи. Маматибраим Суранов парадзюдодон алгачкы беттешинде жеңилип, 9-орунга жазылды. Миргүл Болоталиева парапауэрлифтингден 10 спортчунун ичинен сегизинчи орунду ээледи.

Айтунук Жоомарт кызы паралимпиададан кийин "Азаттыкка" маек куруп, спорт анын жашоосун өзгөрткөнүн айткан:

“Спорт эмес, көзү көрбөгөндөр өз алдынча жашай алат деген үмүт өчүп калган болчу. Оюңа келбей турган нерсе. Мен Көзү азиздер федерациясында реабилитациядан өтүп жатканда Жалалдин Абдувалиев менен таанышкам. Триатлон жөнүндө айтып берсе ишенчү эмес элем. Азыр бул жерде мелдешке катышып, өлкөбүздүн желегин таанытканыма сүйүнүп жатам”.

Паралимпиадачылар медалга жетпесе да күйөрмандарын сый-урматына арзыды.

Көчмөндөр оюндары

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул жылы Казакстандын борбору Астанада өтүп, Кыргызстандын көкбөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду. Ал эми көкпардан (жер улак) Казакстандын улакчылары биринчиликти алды. Бул жолку Көчмөндөр оюндары көкпарга байланыштуу чыккан чыр менен эсте калды. Соцтармактарда азырга чейин талкуу уланып келатат.

Көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу өтөт. Кийинкиси кайрадан Кыргызстанда өтмөкчү.

Азия Кубогунан дүйнө чемпионатына

Кыргыз футболунда дагы 2024-жыл эсте каларлык окуялар менен коштолду. Өлкөнүн курама командасы январда Катарда өткөн Азия Кубогуна катышып, тайпадан чыга албай калды. Мындан улам уюмдун жетекчилиги алмашып, Кыргыз футбол бирлигинин президенти Медер Сыдыковдун ордуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчи болуп келди. Ал кызматына киришип жатып өлкөдөгү футболдук инфратүзүмдү жакшыртарын убада кылды.

Азия Кубогунан ийгиликсиз кайткан менен кыргыз курамасы 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына өтүп, Азиядагы 18 алдыңкы кураманын катарына кошулду. 2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алды.

Сентябрдан башталган үчүнчү турдун тандоо оюндарында Кыргызстандын футбол курамасы Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен А тайпасында ойноп жатат. Жалпы 6 оюн өткөрдү. Кыргызстан үч упай менен 5-орунда келе жатат. 2025-жылы дагы төрт оюн өткөрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши. 10-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши. 10-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол курамасынын капитаны Валерий Кичин дүйнө чемпионатына катышып жаткан кыргыз курамасы тууралуу "Азаттыкка" буларды айткан:

"Биринчи оюндун алдында бизге тажрыйба жетишпей калышы мүмкүн экенин айткан элем. Биз бул раундда жаңыбыз. Бизде жаш жигиттер көп. Жакшы жыйынтыкка жетүү боюнча тажрыйбабыз аз. Ар бир оюндан сабак алганга аракет кылабыз. Ансыз болбойт. Биз бул раундда биринчи жана акыркы болбойбуз деп ишенем. Баары жаңыдан башталууда. Анткени биз Азия Кубогуна биринчи жолу катышканыбызда жаңылык болсо, эми ал Кубокто үчүнчү жолу ойногону жатабыз. Футбол өлкөсү катары өсүп жатабыз. Натыйжа акырындык менен келет деп ойлойм".

Октябрда Бишкекте Кыргыз футбол бирлигинин Улуттук футбол академиясы жана Чүйдүн Орок айылында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы ачылды. Футбол адистери бул борборлор Кыргызстандын футбол чемпионатын күчтөндүрүп, өлкөдө футболду өнүктүрүүгө шарт түзөт деген пикирде.

Бишкектеги, Оштогу, Жалал-Абаддагы, Кочкор-Атадагы борбордук стадиондор оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке киргизилген. Андан сырткары “Талант”, “Алга” клубдарынын машыгуу базалары, Кара-Балта шаарындагы борбордук стадиондон тартып дагы бир канча стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Кыргыз футбол бирлиги өлкө чемпионатында ойногон командаларды көбөйтүүгө белсенип жатканын жар салды. Быйылкы жылы өлкө чемпионатында 14 футболдук клуб катышат.

Жаңы президенттер

Бул жылы күрөш, дзюдо, көк бөрү, оор атлетка, футбол федерацияларынын президенттери алмашты. Декабрдын аягында Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти да алмашты. Мурдагы президент Садыр Мамытов уюмдун вице-президенти болуп шайланып, анын ордун бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев ээледи. Анын бул кызматка келишинин да жөнү бар. Жакында эле Кыргызстандын бокс федерациясы WORLD boxing уюмунун катарына кошулду.

Учурда бокс дүйнөсү экиге бөлүнүп турат. Эл аралык Олимпиада комитети IBAны олимпиада оюндарынан четтетип, бокстон мелдештерди өзү өткөрүп келе жаткан. Эгер башка уюм түзүлбөсө, бокс Олимпиаданын программасынан чыгарылат деп билдирген эле.

IBA менен Эл аралык Олимпиада комитетинин мамилеси сууп кеткенден кийин Батыш өлкөлөрү Олимпиадада бокс боюнча мелдештерди өткөрүүчү уюм катары кирүү үчүн WORLD boxing уюмун түзүшкөн. Учурда бул уюмга 51 мамлекет мүчө.

Эл эми кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында күмүш медал алгандан кийин Кыргызстан деле бокско үмүт артып турган чагы.

Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келаткан автоунаа. Архив.
Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келаткан автоунаа. Архив.

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааны расмий каттоого жол ачкан мыйзам долбоору даярдалды.

Мыйзамдаштыруунун жол-жобосу

Жогорку Кеңештин сайтына 17-декабрда илинген мыйзам долбоору Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден жана Абхазиядан Кыргызстанга мурда ташылып келген оң рулдуу автоунаа маселесин тартипке келтирүү үчүн бир жолку мунапыс берүү максатында жазылганы айтылат. Долбоорду депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Дастан Бекешев даярдаган.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев документтин маанисине токтолду:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Оң рулдуу автоунаага тыюу салынгандыктан бир жолку легализация кылабыз. Бул мыйзам жарымынан бөлүп, тетик деп алып киргендерге болбойт. Жүргөнгө болот экен деген имиштер менен сатып алып, оокат кылып жүргөндөргө тиешелүү. Бирок мындан ары албагыла, эми мыйзамдаштыруу болбойт деп айтылат. Азыр мүмкүнчүлүк берилип жатат. Себеби арасында насыяга алып, үй-бүлөсүн ошол машине менен баккандар бар экен”.

Депутат бул мыйзам кабыл алынса кандай шартта мыйзамдаштыруу жүргүзүлөрүн айтып берди.

“Кадимкидей эле машиненин жылына жараша бажы төлөмү алынат. Бул мурда киргизилген машинелерге гана ишке ашат. Мыйзам кабыл алынгандан кийин 3 айдын ичинде бажы төлөмдөрүн кылып, кыргыз номурларын алып, мыйзамдаштырып алышы керек. Мыйзамды январдын жыйырмасында Жогорку Кеңешке киргизем. Экинчи, үчүнчү окуудан февралдын аягында өтсө, президент кол койгуча бир ай өтөт. Ошентип мыйзам мартта кабыл алынып калат”, - деди Маматалиев.

Депутат айткан мөөнөттө мыйзам кабыл алынса март айынан баштап Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааны мыйзамдаштыруу башталат.

Учурда мындай номурлуу машинелерге жол инспекторлору бажы кызматкерлери менен бирге рейд жүргүзүп, айып жайына токтотуп жатышат. 14-декабрдагы маалыматка ылайык, 300дөн ашык машине кармалды. Учурда көпчүлүк айдоочулар машинесин үйүнө катып жатышат.

Айрым машинелер конфискация болушу мүмкүн

Мамлкеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Абхазия, Армения номурлуу автоунааны мыйзамдаштыруу жараяны татаал болорун “Азаттыкка” билдирди.

Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

“Мыйзамдаштыруу жараяны өтө татаал болот. Биринчиден, колунда документи жок. Экинчиден, номуру, техникалык документи туура эмес. Камчыбек Кыдыршаевич (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы - ред.) айтты го, кандайдыр бир документи болсо мамлекет жардам берет деп. Эгерде эч нерсеси жок болсо, аткезчилик менен кирсе, аны эч нерсе кыла албайбыз. Бир гана жолу бар - ал машине конфискация болот. Эч кандай документ, идентификация номурлары болбосо эч нерсе кыла албайбыз”, - деди башкы бажычы.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы таптакыр каттоого алынбай турган автоунаа бар экенин эскерткен. Ташиев аталган өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылган 15 миңдей машине бар экенин, алардын 90% документи жоктугун билдирген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчи - анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшыларын комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тооккана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, - деди ал.

Үмүт кылган айдоочулар, тыюуга карабай ташылган автоунаа

Ушул күндөрү өлкөдө жүздөгөн адамдар кирген Whats App тайпалар түзүлүп, мындай машинелерге мунапыс берилет деп үмүт кылып жатышат. Алардын бири Нурбек бийликке кайрылды.

“Базардан эле алгам. Алып, төрт айдан кийин эле ушундай болуп кетти. Башка иш жок, такси кылып үй-бүлөмдү багат элем. Мамлекет элге каралашып мунапыс берсе акчасын төгөт элек. Мыйзамдуу жагын карап берсе деп тиленип жатабыз”, - деди Нурбек.

Айрым серепчилер мындай машинелерди ташып келген атайын схема түзүп алган топтор болгонун, алар убагында акчага туйтунганын айтып келишкен. Андыктан алар мунапыс маселеси тыкыр анализ менен жасалбаса мындан ары дагы мыйзамды кыйгап өткөндөргө жол ачыларын белгилешет.

Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн машинелерди расмий каттоого жол ачкан мыйзам долбоорундагы жалпы маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-январында өлкө боюнча 873 миң 592 жеңил автоунаа катталса, алардын 127 миң 842си оң рулдуу болгон. 2024-жылдын 1-апрелиндеги маалыматта жеңил машиненин саны 1 миллион 171 миң 454 болсо, анын 174 миң 826сы оң рулдуу экени жазылган. Демек, тыюу салынганына карабай бир жыл ичинде оң рулдуу автоунаанын саны 50 миңге чейин көбөйгөн. Бул биз кеп кылып жаткан Абхазия, Армения жана Орусия номурлуу машинелер болушу мүмкүн.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан баштап оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынган. Андан бери коррупциялык схема менен тыштан оң рулдуу автоунаа алып кирүү аракеттеринин бир нечеси катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG