Мьянмада зилзалада набыт болгондордун саны 2719га жетти. 28-мартта 7,7 магнитудага жеткен жер титирөөдө жана андан кийинки силкинүүлөрдөн улам ондогон адамдын тагдыры белгисиз. 4,5 миң адам жараат алганын Би-би-си радиосу кабарлады.
Улуттар Уюму согуш баскан Түштүк Чыгыш Азиядагы өлкөдөгү кырсыктан кийинки аба соккуларын "толугу менен чектен чыккан жана кабыл алынгыс" деп атады.
Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Том Эндрюс Би-Би-Сиге жер титирөөдөн кийин "адамдар аман калгандарды сактап калууга аракет кылып жатканда бомба таштоо акылга сыйгыс" экенин айтты. Ал аскердик режимдеги бардык операцияларды токтотууга чакырды.
БУУ буга чейин өлкө гуманитардык апааттын кырында турганын эскерткен.
Том Эндрюс гуманитардык жеткирүүдө аскерлер жардамды бөгөттөп, аны жеткирип бараткан кызматкерлерди камакка алышкан учурларды эске салды.
Улуттар Уюмунун өкүлү Мьянмада зилзалага чейин калктын бир бөлүгү – 19 миллиондон ашуун киши гумантардык жардамга муктаж болуп жашаганын белгиледи. 15 миллион киши тамак-аштан кыйналса, 3 жарым миллиондой адам жер которгон.
Мьянма сейсмологиялык активдүү зонада жайгашкан. Буга чейин дагы бир нече жолу катуу зилзаланын зыянын тарткан. Ага кошумча соңку төрт жылдан бери жарандык согушка баткан.
55 миллион калкы бар Мьянмада төрт жыл мурун бийликти басып алган аскердик хунтага каршы ар кандай оппозициялык топтордун куралдуу жаңжалы уланууда. Сыртта жүргөн Улуттук биримдик өкмөтү катуу жабыркаган райондордо гуманитардык жана куткаруу иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн эки аптага жаңжалды токтотууну жарыялады.
Орусия, Индия, Кытай, АКШ жана Евробиримдик гуманитардык жардам, куткаруучуларды жиберерин билдирген.
Мьянма Бангладеш, Индия, Кытай, Лаос жана Тайланд менен чектешет. (AiA)
Шерине