АКШнын президенти Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй ЦАХАЛ Газага аба соккуларын улантканы кабарланды. 11 журналисттин эркин сынаган бир жыл. Былтыр жапырт камалган журналисттердин экөө абакка кесилип, экөө пробациялык жаза алды. Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай жол кирени 40 сомго көтөрүүнү кайрадан сунуштады. Ушул тапта жол акы карта менен 17 сом, накталай 20 сом.
Кыргызстан
бейшемби 16 Январь 2025
Кыргызстанда 11 журналист жапырт камалганына туура бир жыл болду. "Массалык баш аламандыкка чакыруу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иш боюнча сегиз айга жакын сот жүрүп, төрт журналист сот жообуна тартылды. Чет жакка мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен бирге иштеген эркин журналисттерге козголгон бул иш жалпы медианы кандай өзгөрттү?