
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотууну талап кылды.
Кыргызстандыктар Мишустиндин бул билдирүүсү орой формада айтылганын, Касымалиевдин ага берген жообу ишеничтүү болбой калганын талкуулап жатышат. Орус өкмөт башчысы “Яндекс” компаниясы жөнүндө кыйытып жатканын жоромолдогондор бар.
Алматыдагы алым-сабак
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-31-январда жумуш сапары менен Казакстанга барып, Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышкан. Мындан тышкары ал бир катар жолугушууларды өткөргөн.
31-январдагы кыргыз өкмөт башчысы менен орус өкмөтүнүн башчысынын жолугушуусундагы негизги тема Михаил Мишустиндин билдирүүсү болуп турат. Ал Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга кысым көрсөтүп, негизсиз доомат артып жатканын айткан жана мындайды токтотууну талап кылган.
“Бизди Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн кыргыз экономикасын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп жаткан, чынчыл, абийирдүү орусиялык компанияларга негизсиз дооматтары жана мыйзамсыз билдирүүлөрү тынчсыздандырууда. Мыйзамсыз, кээде опузалоо фактылары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин нотасында белгиленген”, - деди ал.
Расмий Бишкектин Алматыдагы жолугушуу тууралуу маалыматында орусиялык компанияларга байланыштуу маселе көтөрүлгөнү жөнүндө айтылган жок. Ал эми орус өкмөтүнүн расмий сайтына Касымалиев менен Мишустиндин сүйлөшүүсүнүн стенограммасы жарыяланды. Ага ылайык, Адылбек Касымалиев Мишустиндин дооматына:
“Сиз экөөбүз ушуга чейин да орусиялык компаниялардын укугун коргоо боюнча маектештик эле. Мен баргандан кийин, биз макулдашкандай, дагы бир жолу бул боюнча сүйлөшөм. Андан кийин сизге өзүнчө маалымат берем”, - деп жооп узаткан.
Мишустин кайсы бир компаниянын атын атап, “опузалоо фактылары” боюнча да түшүндүрмө берген эмес.
Кыргызстандыктар Мишустин да, Касымалиев да эки өз алдынча мамлекеттин өкмөт башчылары экенине, бирок экөөнүн пикир алмашуусу тең ата болбой калганына басым жасап жатышат.
Эркин журналист Ыдырыс Исаков - кыргыз бийлигинин өкүлүнүн жообуна ыраазы болбой калган жарандардын бири. Ал өзгөчө Мишустиндин Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын ишин опузалоо катары сыпаттаганы туура эмес деп эсептейт:
“Мишустин Кыргызстан Орусиянын губерниясындай сүйлөп жатканы байкалат. Биздин өкмөт башчы өзүнүн жообу менен такыр андай эместигин билдириши керек болчу да. Жок дегенде намыс үчүн “Мишустин мырза, биз бардык нерсени мыйзамдуу кылабыз, бизде ишкерлердин укугу сакталат” деп койбойбу. “Сиз сөздөн этияттансаңыз болмок” деген сыятуу жооп берсе болмок. Касымалиев Мишустиндин дооматын “макул, шеф” дегендей эле кабыл алып койду да".
Бул тема социалдык медианын кыргыз сегментинде да талкууга айланды:
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп 2024-жылдын соңунда дайындалган. Ага чейин өкмөт башчынын орун басары, финансы министри болуп иштеген, мамлекеттик кызматты көп жыл аркалаган тажрыйбалуу адистердин бири.
“Яндекс - Кремлге жакын адамдардын бизнеси”. Мишустиндин сөзүнүн төркүнү каякта?
Жогоруда белгиленгендей, Мишустин өз билдирүүсүндө бир дагы компаниянын атын атаган жок. Бирок кыргызстандыктар сөз “Яндекс.Такси” компаниясы жөнүндө болгонун жоромолдоп жатышат.
Анткени Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) былтыр 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүн маалымдаган. Бирок бул иштин жыйынтыгы эмне болгону белгисиз бойдон.
Ага чейин “Яндекс.Такси” кызматынын баасына байланышуу маселе коомчулукта, Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, Монополияны жөнгө салуу кызматы аны Кыргызстандын такси рыногундагы монополист деп тапкан.
“Яндекс.Такси” боюнча Жогорку Кеңеште билдирүү жасаган депутат Жанарбек Акаев Мишустиндин айтканына байланыштуу буларды белгиледи:
“"Яндекс" Кыргызстанда таксинин пайызын эбегейсиз көтөрүп алганын, монополист болгонун, ошол эле учурда такси айдоочуларга пайдасы тийбей жатканын айткам. Бирок жыйынтык чыкпай жатканынан Орусияда мурда-кийин чоң кызматтарда жүргөндөрүнүн бизнеси экенин сезгем. Биздин күч органдары “Яндекс” боюнча чара көрө баштаганда, алар орус бийлигине кайрылышкан окшойт деп ойлоп калгам. Биз эгемен өлкөбүз. Алардын айтканын көрсөтмө эмес, сунуш катары кабыл алышыбыз керек. “Яндекс” Кремлге жакын адамдардын бизнеси деп угуп жүргөм, Мишустиндин билдирүүсүнөн кийин буга ишенип калдым. Ошондуктан орус өкмөт башчысынын дооматы 50-60% “Яндекске” тиешелүү деп айта алам”.
“Яндекс.Такси” — Орусияда негизделген жана азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштеген такси чакыруу жана жеткирүү кызматын көрсөткөн платформа. Компания такси чакыруу кызматын смартфондогу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзөт. Ар бир айдоочу тиркеме аркылуу катталып, платформада иштей алат.
“Яндекс.Такси” башында Орусияда гана иштей баштаган, бирок учурда Борбор Азиянын, Европанын бир нече өлкөсүндө жана Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда да кызмат көрсөтөт. Анын таксиден тышкары жүк жана тамак-аш жеткирүү кызматы да бар.
Кыргызстанда бул платформа өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында кеңири колдонулат.
Инвестиция агенттигинин мурдагы жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу Алматыдагы эки өлкөнүн өкүлдөрү "чарбалык ишти" талкуулады деп эсептейт.
"Анткени Мишустин өкмөт башчы, алардын өлкөсүнө тиешелүү ишке реакция кылды. Бул чарбалык иш. Эгерде кыргызстандык компаниялар да эл аралык деңгээлге жетсе, биздин президент, өкмөт башчыбыз да суранып, талап коюуга толук акысы бар да. Мишустин да ушундай аракет кылды деп ойлойм. Болгону, биз татыктуу жооп беришибиз керек. Анткени алар биздин өлкөдө иштеп жатат. Андыктан алар кайсы мыйзамды бузганын ачык айтып, татыктуу жооп бериши керек”.
Кыргызстанда “Яндекстен” тышкары башка орус компаниялары көп эле. Алардын белгилүүлөрү Таласта алтын казган “Альянс алтын”, “Газпром Кыргызстан” болуп эсептелет.
Өзгөчө 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Кыргызстанда орусиялык компаниялардын катары калыңдаган.
Буга чейин АКШнын Каржы министрлигинин башкармалыгы Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” компаниясына санкция салган.