Энергетика министрлиги май айынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл камалды. Президент былтыр өлкөдө күтүүсүз аскердик абал киргизген соң парламент ага импичмент жарыялаган.
Кыргызстан
шаршемби 15 Январь 2025
Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги болсо укук коргоочунун коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин билдирген.