Киевге күтүүсүз сапар менен барган Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Орусиянын Украинадагы согушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн кечеңдетүү аракетине жол бербөө керектигин эскертти.
"Украина тез арада ок атышууну токтотууга даяр. Путин болсо, тынчтыкты болтурбоо үчүн убакытты созуп, өзүнүн согушун улантууда. Бул эл аралык укук нормаларын бузуу", - деген Бербок.
"Ал сүйлөшүүгө даяр экенин айтканы менен өз максаттарынан бир дюйм да артка жылган жок".
Бул Анналена Бербоктун Орусия Украинаны кеңири масштабдуу басып кирүүсүнөң кийинки Киевге болгон тогузунчу сапары. Германиянын тышкы иштер министринин айтымында, Киев АКШ баштаган сүйлөшүүлөрдүн алкагында тынчтык келишимине кол коюуга даяр.
"НАТОнун тышкы иштер министрлеринин алдындагы жолугушуусунда биз америкалык тарапка Путиндин кечеңдетүү тактикасын колдобошубуз керек экенин ачык айтабыз. Анткени тынчтыкты орнотуу божомолу - тынчтык эмес", - деди Бербок.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп да Орусия Украина менен ок атышпоо келишимине кол коюуну атайылап кечеңдетип жатканын айткан.
Сауд Арабиясында адегенде Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, андан соң 24-мартта Вашингтон менен Москванын өкүлдөрү өз алдынча сүйлөштү. Алардын жолугушуусу 12 саатка созулду. 25-марта Украина менен Американын делегациялары кайрадан сүйлөшүү өткөрдү.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтканы боюнча Америка тарап расмий билдирүү тараткандан кийин келишимдин шарттары күчүнө кирди деп эсептесе болот. Анын сөзүнө караганда, Украина азырынча Орусияга анча ишенбей турат, ошентсе да өз тарабынан келишимдин шарттарын сактоого аракет кылат. (AiA)
Шерине