"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президенттин иш башкармалыгынын ыйгарым укуктары боюнча талкуу уланууда. Садыр Жапаров “Министрлер кабинетине параллель түзүм болуп калды” деген айыптоолорго жооп берип, ага кошумча ыйгарым укук берилишин муктаждык деп түшүндүргөн. “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова менен маек.
“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.
Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабат үйлөргө нөшөрлөп жааган жаандан улам суу өтүп, батирлерге чейин кирди. Аймактарда жаан менен келген сел түйшүк жаратууда.
Министрлер кабинети санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтотту. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. Батыш өлкөлөрү соңку үч-төрт жылдан бери отуздай кыргыз компаниясына, анын ичинде банктарга экинчи деңгээлдеги санкция салган.
Аймактардагы көйгөйлөр канткенде чечилет? Аткаминерлерге элден суроо көп. Америкалык укук коргоочу Стив Свердлоу Кыргызстанга киргизилбей, Түркияга депортация болду. Кыргызстандык укук коргоочулар бул чечимди айыпташты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишинин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды.
Мамлекет ишке ашырып жаткан Бишкектин түндүк айланма жолун кеңейтүү жана оңдоо долбоору ортолоп калды.
Мамлекет ишке ашырып жаткан Бишкектин түндүк айланма жолун кеңейтүү, оңдоо долбоору ортолоп калды. Толук жаңыланып жаткан 33 чакырымдык жол жыл соңуна чейин пайдаланууга берилиши керек. Бул арада акы төлөнүүчү борбордун чыгыш айланма жолун куруу иштери уланууда.
Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия Украинага каршы ачкан согуштан улам кымбаттап келаткан мунай баасы Иранда согуш башталганы дагы жогорулады, Кыргызстанга чейин таасир этти.
Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин кымбаттап, Кыргызстанга чейин таасир этти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин жетекчиликтери менен санкцияларга байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрүп атканын билдирди.
Улуттук олимпиада комитеттин жаңы президенти болуп 29 жаштагы Айваз Оморканов шайланды. Ал буга чейин Эл аралык хоккей комитетинин вице-президенти болуп келген жана анын олимпиада уюмунун башкаруусуна келиши - түрдүү пикирлер менен коштолду.
Улуттук олимпиада комитетинин жаңы президенти болуп 29 жаштагы Айваз Оморканов шайланды. Ал буга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин вице-президенти болуп келген, Анын олимпиада уюмунун башына келиши түрдүү пикирлер менен коштолду.
Караколдо Жеңиш майрамынын урматына уюштурулган концертте орусиялык “Любэ”, “Блестящие” эстрадалык топтору жана ырчы Николай Басков ырдап жаткандагы жасалгалар маалымат кызуу талкууда. Иш-чараны орусиялык олигарх Илан Шорго таандык уюм каржылаганы ачыкка чыкты.
Иш-чараны орусиялык олигарх Илан Шорго таандык уюм каржылаганы ачыкка чыкты. Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулган “Z” белгиси жана “Георгий” тасмасы, аскердик техниканын сүрөт-видеолору “пропаганда” катары бааланууда.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы кабарлады.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге "бийликти күч менен басып алуу" жана "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгону ачыкка чыкты.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун ырастады. Күн мурун Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинде сурак берген.
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери чогулду. Саммитке согуштук абалда турган Ирандын генералы келиши талкууга түшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалга уюм таасир эте алабы деген суроо коюлду.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын Камчыбек Ташиев тууралуу маеги коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. Бүгүн президент да үн катты. Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын баш прокурору баштаган үч адамга санкция киргизүүнү британ Тышкы иштер министрлигине сунуштады.
Дагы жүктөңүз