Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

АКШ-Мексика чек арасында тонолгон, камалган мигранттар


АКШ-Мексика чек арасы. Иллюстративдик сүрөт
АКШ-Мексика чек арасы. Иллюстративдик сүрөт

Учурда жүздөгөн борбор азиялык мигранттар Мексика менен Америка Кошмо Штаттарынын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат. Алардын катарында быйыл март айында президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко берген өзбекстандыктар да бар.

Арызга кол койгон 280 мигранттын арасында Грузия, Өзбекстан, Казакстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдөн барган мигранттар бар. Алардын баары Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кирген.

"Мигрант медиа" долбоорунун журналисттери Мексика-АКШ чек арасына чейин кооптуу жолду басып өтүп, депортациялоо борборуна түшкөн өзбекстандыктардын туугандары менен байланышкан. Убактылуу кармоочу жайларда жаткан өзбек мигранттарынын жакындары алардын укугу тебеленип жатканын, камоолор негизсиз экенин айтышууда.

"Шылдыңдап күлүшкөн"

Өзбекстандык Диёра (аты өзгөртүлдү) 53 жаштагы апасы Мексикага жете электе эле тонолгонун айтууда. Ал колундагы мыдырынын баарынан кол жууган, башка мигранттардын жардамы менен гана чек арага аман-эсен жеткен.

Диёранын апасы Өзбекстандан Мексикага жетүү үчүн 40 миң доллардай акча короткон. Алты айдан бери депортациялоо борборунда жатат. Диёра өзү АКШга үч жарым жыл мурда Мексика аркылуу кирген. Ал күйөөсү менен Нью-Йорк шаарында жашайт. Өзбек келин бала багуучу, күйөөсү таксист болуп иштейт.

Диёранын айтымында, депортация борборундагы кызматкерлер апасына өзбек котормочу берүүдөн баш тартышкан:

"Кызматкерлер араларында күлүп жатышты. Aпамдын кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен, сумкасынан дары сураганда, алар "дарынын аты эмне?" дешкен. Апам дарысынын атын айтканда, шылдыңдап күлүшкөн. Ал аны кемсинтип жатканын байкаган".

Иммиграция боюнча юрист Абадир Барре жана анын жардамчысы өзбекстандык Өткүр Рахматуллаев АКШдагы мигранттардын абалын ийне-жибине чейин билет.

Алардын пикиринде, Борбор Азиядан барган иммигранттарга болгон мамиле эки негизги себеп менен байланыштырылат: борбор азиялыктардын утур-утур террордук уюмдар менен байланышта болгону жана аймактын Орусияга геосаясий жактан жакындыгы.

Абадир Барре чек араны мыйзамсыз өткөндөр коомго коркунуч жаратпаса, сотко чейин бошотулушу мүмкүн экенин эскертет. Бирок юристтин айтымында, мигранттардын статусу туура эмес классификациялангандыктан көп учурда мындай мүмкүнчүлүктү колдоно алышпайт.

"Мигранттар үч категорияга бөлүнөт: документи жок, бирок чек арадан өткөндөр; документсиз, мыйзамсыз киргендер; жана документтери бар, бирок мурда кылмыш жасагандар. Эгерде чет өлкөлүк жаран биринчи категорияга кирсе, ал соттолгонго чейин эле бошотулушу керек. Бирок өкмөт аларды камакта калтыруу үчүн атайылап башка категорияларга бөлүп жатат", - деп түшүндүрдү америкалык юрист.

Анын жардамчысы Өткүр Рахматуллаев адатта 3-4 айга созулган жараян 6-8 айга созулуп, жада калса биринчи соттук отурумдар да өз убагында белгиленбей жатканын айтат.

Мигранттарды бошотуу талабы

Өзбекстандык Мафтуна анын тууганы апрелдин аягында Өзбекстандан чыгып, июнда АКШнын чек арасына жеткенин белгилейт. Бирок ал да жети айдан бери депортациялоо борборунда жатат.

"Жетекчилик менен жолугушууну суранганбыз, бирок бизге көңүл бурулбай жатат. Көбүнчө "депортация сурагыла, бул жерде отургандан пайда жок" деп айтышат", - дейт Мафтуна.

Депортация борборлорунда кармалгандардын жакындары тергөө аяктаганга чейин мигранттарды бошотууну талап кылууда.

Өзбекстандын жараны Анвардын (аты өзгөртүлдү) тууганы сегиз айдан бери депортациялоо борборунда жатат. Ал жайларда өзбектер жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн барган иммигранттар басымдуулук кылат.

"Аларга шектенүү менен карашат. Саиповго окшогондордун айынан өзбектерден коооптонушат", - дейт ал.

Анвар белгилеген өзбекстандык Сайфулло Саипов 2017-жылы жүк ташыган чакан машине жалдап, Нью-Йорктун Манхэттен районунда велосипед тээп бараткан туристтердин тобун сүзгөн. 2023-жылы Саипов сегиз кишинин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, сегиз жолу өмүр бою жана 260 жылга эркинен ажыратылган.

Быйыл мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерт залында болгон терактка борбор азиялык мигранттар айыпталууда. Ошондой эле ноябрь айында Бириккен Араб Эмирликтеринде Өзбекстандын үч жараны израилдик раввинди өлтүрүүгө шектелип камакка алынган.

"Mурдагы СССРден келгендердин баарын "орустар" дешет"

Өткүр Рахматуллаевдин айтымында, мындай окуялар Борбор Азиядан барган иммигранттардын аброюна терс таасирин тийгизүүдө. Рахматуллаев бул окуялардан кийин АКШда мигранттарга көзөмөл күчөгөнүн белгилейт:

"Үйлөрдү текшерип атышат. Иммиграция кызматы эмес, антитеррордук бөлүмдөн келип текшеришет. Ушундай эле текшерүүдөн көптөгөн тажик жарандары өтүп жатат же тажиктер менен байланышы бар адамдар иликтенип жатат. Мисалы, кимдир бирөө шектүү болсо, аны менен байланышта болгон, акча алган же бергендердин баарын алып кетишет. Мындай адамдардын 90% юристтин жардамысыз эркиндикке чыга алышпайт".

Ал эми Абадир Барре аймак Орусияга жакын болгону үчүн да борбор азиялыктарга текшерүү күч экенин белгилейт.

"Менин оюмча, бул көйгөй биринчи кезекте Орусиянын жарандарына, андан кийин гана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн жарандарына тиешелүү. Алар Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жарандарын басмырлашпайт. Бул орустарга каршы саясат болгондуктан, Борбор Азия элдерине да таасирин тийгизүүдө. Депортация борборунун кызматкерлери мурдагы СССРден келгендердин баарын "орустар" дешет", - дейт адвокат.

Март айында "Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосу АКШдагы башпаанек сурап кайрылгандардын арыздарына анализ кылган коммерциялык эмес (TRAC) уюмдун маалыматын жарыялаган. Анда учурда бери дегенде эле 40 миң борбор азиялык жаран сотту күтүп жатканы айтылат. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары.

Депортация борборлорундагы 280 иммигранттын иши соттo 2025-жылы 3-январда каралат. АКШнын Эл каттоо бюросунун маалыматында, өлкөдө 62 миңден ашык өзбекстандык жашайт, алардын 2 миңден ашыгы Американын жарандыгын алган.

Былтыр ноябрда АКШнын Ташкенттеги элчилиги мындан ары Мексика аркылуу өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган Өзбекстандын жарандарына уруксат бербей турганын билдирген. Алар иммиграция маселеси чечилгенге чейин камакта болору эскертилген.

2023-жылы АКШ өкмөтү Өзбекстандын 119 жаранын Ташкентке депортациялаган. Алар Кошмо Штаттарга ар кандай мыйзамсыз жолдор менен киргени кабарланган.

Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча 2,5 миллиондон ашык мыйзамсыз иммигрант АКШ-Мексика чек арасынан өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG