Тайланддан Түштүк Кореяга бараткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү, жалпы 181 киши болгон. Баштапкы маалыматтарда кырсыкка кабылган эки киши гана тирүү калды.
Тайланддан Түштүк Кореяга бараткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү, жалпы 181 киши болгон. Баштапкы маалыматтарда кырсыкка кабылган эки киши гана куткарылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзбекстандык аткаминерлерге кол салууга катыштыгы бар деп шек саналган чечен тектүү эки орус жараны издөөгө алынганына комментарий берип, жабыркагандарга сөөмөй кезеди.
Бир катар эксперттер белгилегендей, далилдер "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу жүргүнчү учак Чеченстанда эле "жер-аба" классындагы ракета менен аткыланган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Андан соң гана учак Каспий деңизинин үстүнөн өтүп, Актау шаарынан анча алыс эмес жерде кулаган.
Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат. 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы тактоо иштери аягына чыкканы кабарланган.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калгандардын абалы тууралуу маалымат берилди.
Уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана аттуу мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады. Жаза аткаруу кызматы кабарды төгүндөдү.
Бишкек кайрадан абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде башкалаанын айрым бөлүктөрүндөгү көрсөткүч өтө кооптуу чектен ашкан.
Миңдеген украиналыктар Рождество майрамын белгилеп жатканда Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына абадан жапырт сокку урду. Киев шаарынын тургундары майрамды метро менен бомбадан коргонуучу жайларда корголоо менен өткөрүштү.
Дагы жүктөңүз