Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: Жүргүнчүлөрдүн дээрлик баары каза тапты


Тайланддан Түштүк Кореяга бараткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү, жалпы 181 киши болгон. Баштапкы маалыматтарда кырсыкка кабылган эки киши гана куткарылды.

Түштүк Кореянын Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, Jeju Air компаниясынын учагы Бангкоктон учуп чыккан. Ал өлкөнүн түштүк-батышындагы Сеул шаарынан 288 чакырым алыстыкта жайгашкан Муан аэропортуна конуп жатып учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен, тосмону сүзүп өрттөнгөн.

Кореялык телеканалдар учак тосмону сүзгөндөн кийин чыккан өрттүн видеолорун жарыялады. Анда учак дароо жарылып, экиге бөлүнүп кеткенин көрүүгө болот.

Түштүк Корея: 120дан ашуун өмүрдү алган учак кырсыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Алгач 28 адам каза болгону кабарланып, бир нече сааттан кийин курмандыктар 62 адамга жеткен. Кийинчерээк дээрлик бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болгону, эки гана киши аман калганы кабарланды.

Тактап айтканда, жүргүнчү жана экипаждын бир мүчөсү куткарылган. "Рейтер" агенттиги экөө тең учактын артында болгонун кабарлады. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.

Жүргүнчүлөрдүн көбү, 173 адам Түштүк Кореянын, экөө Тайланддын жарандары.

Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Учакка канаттуулар урунуп, учкучтар башкарууну жоготкон деген божомол айтылып жатат. Yonhap агенттиги шассилердин иштен чыкканына канаттуулар себеп болгонун жазды. Бийлик аба ырайын экинчи версия катары карап жатат.

2006-жылдан бери иштеп келген Jeju Air компаниясынын тарыхында бул адам өлүмүнө алып келген биринчи окуя. 2007-жылы компаниянын учагы Пусандын аэропортунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Анда алты жүргүнчү жеңил жаракат алган.

Бул ушул апта ичиндеги көп кишинин өмүрүн алган экинчи аба кырсыгы.

25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясына таандык, Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган. Жабыркагандардын үчөө кыргызстандык.

Учак орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганы кабарланып, Орусия тарап буга комментарий бербей жаткан.

Азербайжан тарап иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгына таянып кырсыкка "тышкы кийлигишүү себеп болду" деген маалымат тараткан.

 Азербайжан: Учак кырсыгына "тышкы кийлигишүү" себеп болгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Орусиянын президенти Владимир Путин үч күндөн кийин, 28-декабрда Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү Орусиянын сунушу менен болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG