Сирияда исламчыл согушкерлер башында турган козголоңчулар баш калаа Дамаскини алганын жарыялашты. Буга чейин алар Хомс шаарын ээлеген. Сириянын тактан оодарылган президенти Башар Асад Орусиядан баш паанек алып, Москвада экени жекшембинин кечинде кабарланды.
Сокулукта мамлекеттик бала бакчада чарчап калган беш жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Анын жакындары милициянын ишине нааразылык билдирип жатышат.
Өзбекстанда жогорку даражалуу аткаминерлердин арасында жапырт камоолор уланууда. Соңкулардан болуп Ташкент шаардык полициясынын жетекчи орун басары Дониёр Ташхожаев жана Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов кармалды.
Түштүк Кореяда cаясий кризис курчуду. Сеулдагы парламенттин алдында президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар чыгып жатат. Соңку кырдаал тууралуу Сеул шаардык кеңешинин депутаты кыргызстандык Айсулуу Ашыралиева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова “Азаттыккка” келип, Кемпир-Абад иши, азыркы бийликке болгон көз карашы, позициясы, президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуунун максаты жөнүндө маек курду.
Ала-Бука районундагы Падек айылында Т.Жоробаев атындагы орто мектептин курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Райондук прокуратура мектепти текшерип чыгып, курулуш сапатсыз жүргүзүлгөнүн билдирген. Жаңы мектеп жабылып калгандыктан ушул тапта 713 окуучунун баары эски мектепте окуусун улантып жатат.
Грузия кайрадан толкундоолордун кучагында. Евроинтеграцияны колдогон тынч демонстранттар менен полиция кагылышып келатат. Президент менен өкмөттүн тиреши уланууда. Азыркы кризис эмне менен аяктайт?
Сузакта Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөргөн учур тартылган тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү териштирүү жүргүзө баштады. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түштү. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтууда. Башкы прокуратура аскердин сабалганы боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Кипр өкмөтү инвестициялык программа алкагында чет элдиктерге берген "алтын паспортторду" жокко чыгарууну улантууда. Жергиликтүү Politis гезити 77 адамдан турган "кара тизмени" жарыялады.
Грузияда парламенттик шайлоодон кийин башталган массалык нааразылык акциялары уланууда. Тбилисиде дүйшөмбүгө караган түнү полиция чогулгандарды кайрадан күч менен таратты. Полиция демонстранттарды уруп-сабап, суу бүркүп, жаш агыза турган газ, башка химиялык заттарды чачты.
Дагы жүктөңүз