Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды.
Быйыл күзүндө Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон Шерзат Полаттын жакындары административдик жоопкерчиликке тартылды. Маркумдун атасы Каржаубай Нурымов коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.
Сирияда бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын атасы, мамлекетти отуз жылдай башкарган Хавез Асаддын мавзолейин талкалап, анын сөөгү салынган табытты өрттөп ийишкени кабарланды.
Сирияны 50 жылдан ашуун башкарган Асад үй-бүлөсүнүн режими кулады. Башар Асад өзү Москвадан башпаанек алды. Эки жуманын ичинде чагылгандай тездик менен чабуул коюп, баш калаа Дамаскка көзөмөлүн орноткондор ким? Эми Сириянын тагдыры эмне болот?
Президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Түркиядагы сириялык качкындар мекенине кайтууга бел байлады. Түрк бийлиги 3 миллионго жакын качкынды мекенине коопсуз жол менен жөнөтүүнү көздөй турганын, Сирия менен чек арадагы үч өткөрмө бекет 11 жылдан кийин кайра ачылганын белгиледи.
10-декабрда Украинанын Запорожье шаарында орусиялык ракета чабуулунан 8 киши мерт болду. Бул арада украин президенти Владимир Зеленский жаңы ракета ийгиликтүү сыноодон өткөнүн билдирди. Ал эми АКШ Украинага камакка алынган орусиялык активдердин кирешесинен 20 млрд доллар кредит бөлөрүн кабарлады.
10-декабрда Израил Сириядагы аскердик жайларга чабуул койгону кабарланды. Маалыматка караганда, ЦАХАЛ эки күндүн ичинде Сириянын аймагына 250дөй авиасокку урду. Буга чейин Израилдин премьери Нетаньяху армия “стратегиялык позицияларды” да ээлегенин билдирген.
Өзбекстанда эмдиги жылдан тарта аялдардын жатын моюнчасынын жана эмчек рагын аныктап, айыктырууну түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган атайын программа ишке кирет. Өлкөдө бул илдеттерден көз жумган кыз-келиндердин саны арбын. Аны дарылоо да көп каражатты талап кылат.
26 күндөн бери абакта ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жакындары анын саламаттыгына тынчызданып, өлкө жетекчилерине кайрылды. Бийлик Султанбековдун абалы тууралуу комментарий бере элек.
Европада жана Борбор Азияда косметикалык каражат жана лазердик жарым өткөргүчтөрдү өндүрөт деген аталышты жамынып, тыюу салынган заттарды Орусияга жиберген бүтүндөй бир тармак пайда болгон. Аны менен Украинада согуш башталганы санкцияларга кабылган орусиялык миллиардердин компаниясы иштейт.
Сот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жок. Абактагы Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду.
9-январда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча чукул жыйынга чогулмай болду. Башар Асаддын бийлиги кулатылып, баш калаа Дамаск козголоңчулардын карамагына өткөндөн кийин жабык жыйынга чогулууну Орусия сунуштады. Асад өзү үй-бүлөсү менен Москвага качканы белгилүү болду.
Дагы жүктөңүз