Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

Глобалдык терроризм индексинде Кыргызстан 100-орунду ээледи


Глобалдык терроризм индекси (иллюстрациялык сүрөт)
Глобалдык терроризм индекси (иллюстрациялык сүрөт)

Экономика жана тынчтык институту (IEP) "Глобалдык терроризм индекси -2025" деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Аталган рейтингде Кыргызстан 100-орунду ээлеп, "террордук таасир жок" өлкөлөрдүн катарына кирди.

Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу алты позицияга жогорулады.

"Глобалдык терроризм индекси" дүйнөдөгү 163 өлкөдө терроризмдин таасирин иликтеген комплекстүү изилдөө. Ал теракттардын саны, каза болгондор жана жабыркагандар, ошондой эле материалдык чыгымдардын деңгээли боюнча эсептелет. Рейтингде канчалык жогору орун алынса, ал өлкөдө террордук коркунуч ошончолук күчтүү деп бааланат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен катар Казакстан жана Түркмөнстан дагы 100-орунга жайгашып, нөл балл менен эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди. Өзбекстан 90-орунду (0,233 балл), ал эми Тажикстан 70-орунду (0,999 балл) ээледи.

Орусия бул рейтингде 16-орунда жайгашып,"террордук таасири жогору" өлкөлөрдүн катарына кирди. Беларус менен Азербайжан 90-орунду, Армения 79-орунду ээледи.

Рейтингдин алдыңкы саптарын терроризмдин коркунучу эң жогору болгон өлкөлөр ээлеп, Буркина-Фасо, Пакистан жана Сирия эң кооптуу мамлекеттер деп табылды.

Эксперттердин билдирүүсүнө караганда, терроризм дүйнөлүк туруктуу коркунуч бойдон калууда. 2024-жыл бул тармакта жаңы чакырыктар жана терроризмдин географиясынын кеңейиши менен мүнөздөлдү.

Террордук чабуулга кабылган өлкөлөрдүн саны 58ден 66га чейин көбөйүп, бул 2018-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Мындан тышкары, 2024-жылы акыркы жети жылда биринчи жолу терроризмдин таасири күчөгөн өлкөлөрдүн саны азайган өлкөлөрдөн көп болду: 45 мамлекетте кырдаал начарласа, 34 өлкөдө жакшыруу байкалган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG