Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Аба ырайы: Баткен, Ош облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт


Шашылыш билдирүү: 10-мартта жааган жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Суусамыр-Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы ашууларга да кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

11-мартта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG